ШГ школа-гимназия №3 "Охна"

Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Орозбековский а/а,с. Кулду, улица А.Орозбеков, №245

Автор: ШГ школа-гимназия №3 "Охна" 26 Январь 2023 ж. 13:54

Жыл мугалими - 2023.Жыйынтык

№3 "Охна" гимназия-мектебинин 2022-2023 окуу жылынын 24-январында "Жыл мугалими-2023" сынагынын 2-туру болуп отту. Мында ар бир катышуучу мугалим 45 муноттон ачык сабак отуп беришти. Орус тили мугалими Бакирова Азада "Литература и устная народная творчество" , математика мугалими Ысакова Каныгул "Жонокой болчоктор", англис тили  мугалими  Мукумова мавлюда "Profession and jobs" ,башталгыч класс мугалими Эратова Махабат "Закрепления буква ч",кыргыз тили мугалими Кочкорова Жыпаргул "Жаныбарлар дуйносу.Эсептик сан атооч" аттуу темаларда ачык сабактарды отуп беришти. 

    Орус тили мугалими Бакирова Азада озунун сабагында окучууларды 4 топко болуп, ар бир топко текст таратып, зик-зак формасында окучуулар топтор менен алмашып, эки тексти бириктирип презентация жасашты. Топтор бири-бириге суроо беришип теманы бышыкташты.

     Англис тили мугалими Мукумова Мавлюда сабагында интерактивный досканы колдонуп, сабагын заман талабына ылайык отуп берди. Окуучуларды 2 топко болуп иштеди.

  Кыргыз тили мугалими Кочкорова Жыпаргул сабактын башында сан атооч катышкан обондуу ыр менен баштады. Сабака кируу методун колдонуп окуучулар сабакка жолдомо алышты.Окуучулар эки топко болунуу менен тапшырмаларды аткарышты.Интерактивдуу досканы колдонуп сан атоочко тиешелуу суроттуу макалдарды, табышмактарды табышты.Сабактын аягында сабактан чыгуу методун колдонуу менен бышыкташты.

  Математика мугалими Ысакова Каныгул заман талабына ылайык интерактивдуу досканы колдонуп, сабакты жашоо менен байланыштырып, ошону менен бирге башка предметтер менен байланышын тузуп, окуучуларга жеткиликтуу тушундуруп берди.Кызыктуу оюндарды ойнотуп теманы бышыктады.

   Башталгыч класс мугалими Эратова Махабат Окуу керемет долдоорунан уйронгон методторду колдонуп отту.Дидактикалык корсотмо куралдарды таркатып сабакты баштап алышты.Интерактивдуу досканы колдонуп, кызыктуу оюндарды ойнотуу менен бирге окуучуларды сабакка болгон кызыгуусун арттырды.Сабак учурунда озуну методикалык жактан мыкты денгээлде корсотту.

    Жыйынтыгында Бакирова Азада "канааттандырарлык", Ысакова Каныгул, Кочкорова Жыпаргул, Мукумова Мавлюда "жакшы", Эратова Махабат "эн жакшы" деп табылды.Мектеп тарабынан грамоталар берилип, ар бир усул бирикме мучолору катышуучуларды куттукташып, белектерин беришти.

   

   

  

 

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика