СШ Учреждение Средняя школа №1 имени "Токтогула" Кадамжайского района

Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Халмионский а/а,с. Халмион, улица Абдыкадыр Орозбеков, 81

Автор: СШ Учреждение Средняя школа №1 имени "Токтогула" Кадамжайского района 19 Январь 2023 ж. 9:06

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ "2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө"

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ. "2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө"
Бишкек шаары, 2020-жылдын 13-ноябры ПЖ № 39
Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын логикалык уландысы болуп саналат. Концепцияда Кыргыз Республикасында улуттук саясатты калыптандырууга жаңы мамиле жасоо — Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү процессин баштоо сунушталат.
Кыргыз жараны — бул этностук, диний, социалдык жана региондук таандыктыгына карабастан, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык укуктары жана милдеттери бар Кыргыз Республикасынын жараны. «Кыргыз жараны» деген термин өлкөнүн аталышы болгон «Кыргыз Республикасы» деген аталыштан келип чыгат жана өздөрүнүн этномаданий таандыктыгын сактоо менен бардык этностук жамааттарды бириктирген жалпы жарандык бирдейликтин термини болуп саналат.
Бул жарлык боюнча Токтогул атындагы орто мектебинде баардык мугалимдерге атайын семинар уюштурулуп, семинарда Дилдора Дехканова 64 мугалимге Президент Жарлыгы туурасында толук маалымат берди.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика