СШ Учреждение Средняя школа №1 имени "Токтогула" Кадамжайского района

Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Халмионский а/а,с. Халмион, улица Абдыкадыр Орозбеков, 81

Автор: СШ Учреждение Средняя школа №1 имени "Токтогула" Кадамжайского района 19 Январь 2023 ж. 8:40

2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программа бекитилди.

2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программа бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” Жарлыкка кол койду.
Улуттук нарк – элдин руханий маданиятынын курамдык бөлүгү, ал өзгөчө идеялардын жана туруктуу элдик эрежелердин негизинде калыптанат. Алар элдин маданиятынын негизин түзүүчү фактор болуп саналат, анткени эзелки замандан башталып, муундан муунга өтүп келген. Улуттук нарк – ааламдашуу менен санариптештирүүгө карабастан, кадыр-баркты жана ар-намысты, айкөлдүктү жана адилеттүүлүктү, абийирди, боорукердикти сактаган жана талыкпай эмгектенген көчмөн жоокердин улуу мыйзамы.
Биздин Токтогул атындагы орто мектебинде да президенттин Жарлыгы күчүнө кирип,иш чаралар планы иштеп чыгылды.
Мектептин тажрыйбалуу мугалими Дилярам Ахмадалиева 65 мугалимге
Жарлыктын максаты жана мазмуну,анын милдети туурасында толук маалымат жеткирди.
Мектептин директору Мукаддас Камилова тарабынан иш чаралар планы бекитилди жана мугалимдерге билдирилди.
Жарлыктын негизинде иш чаралар аткарылууда.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика