Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Кызыл-Кыштакский а/а,с. Кызыл-Кыштак, переулок Шамшат, 92
2022-жылдын 23-августунда бекитилген “Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33-жылдыгына карата мамлекеттик тилдин бир айлыгы боюнча иш-чарасынын”алкагында түзүлгөн буйруктун негизинде мектепте Мамлекеттик тил күнүнө карата иш план түзүлдү жана анын айланасында иш-чаралар болуп өттү.
Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон. Мына, ошол күндөн бери, 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет. Бул күнү билим берүү мекемелеринде кыргыз тили боюнча ар кандай сынактар уюштурулат.
Биздин мугалимдер да жалпы кыргызстандыктарды улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон-мамлекеттик тил майрамына карата бир айлык иш-чара түзүлдү.Анын негизинде тил күнүнө карата мектепте бурч уюшулду.
16-сентябрда ”Сабаттуу жазабыз”аттуу сынагынын негизинде окуучулардан тил күнүнө карата жат-жазуулар алынды. Окуучулардын орфографиялык, пунктуациялык жактан туура,сулуу жазууга мугалимдер тарабынан түшүндүрмөлөр берилди.
20-сентябрь “Улут болсом,тилим менен улутмун!” деген темада 4-класстан-11-класска чейинки окуучуларга дилбаян жазуу конкурсу болуп өттү.Тилдин улуттук баалуулук катары кастарлоого,аны барктап, азыркы жаш муундарга туура багыт берүү менен тилибизди даңазалаган мыкты дилбаяндар калыстар тобунун алкышына ээ болду.
21-сентябрда “Кыргыз тили кылымдарды карыткан”деген темада адабий композициялык кече өткөрүлдү.Бул кечеде окуучулар өздөрү даярдаган көркөм окууларды,сахналык көрүнүштөрдү,улуттук баалуулук болуп эсептелинген комуз күүлөрүн жалпы мектептин окуучуларына коюп беришти.
23-сентябрь “Өнөр алды кызыл тил”деген теманын негизинде 5-класстар тарабынан концерттик программа өткөрүлдү.
Мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыз тили мугалимдери тарабынан ачык сабактар интерактивдүү усулдарды колдонуу менен өткөрүлдү.Мында мугалимдер окуучуларга ар түрдүү тапшырмаларды берип ,тилдин баалуу мурас экенин,аны барктоо,даңктоо биз жаш муундардын милдети экендиги тушүндүрүлдү.Сабактарга окуучулар активдүүлүктөрүн көрсөтүштү.Тилибиздин 33 жылдык мааракесине арналган ырлар, күүлөр, декламациялар айтылды.
“Эне-тилди баалайлы,барктайлы”аттуу жүрүштүн негизинде окуучулар жалпы мектептик жүрүшкө чыгышты.Жүрүш убагында окуучулар тарабынан патриоттуулук, атуулдук сезимдерди ойготкон ырлар айтылып, музыканын коштоосунда хорлор жаңырды.Эне тил жөнүндөгү көркөм окуулар айтылып,айылдын башынан аягына чейин жөө жүрүш болду.Окуучулар өз демилгелери менен плакаттарды алып чыгышып Баткен окуясында курман болгон патриот инсандарыбызды эскеришти.Алардын урматына патриоттуулук сезимдерди ойготкон ырлар жаңырып бүт айылга угулуп турду.Жүрүш аягында окуучулар үй-үйлөрүнө тарашты.Жүрүш өз максатына жетти.
Жогоруда айтылган сынактардын негизинде өз убагында жыйынтыктар чыгарылып,мектеп админстрациясы тарабынан граммота жана кызыктырылуучу сыйлыктар менен сыйланышты.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика