Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Баткенский р-н,Кара-Булакский а/а,с. Бужум, улица М.Матисламов, 73
Мектебибизде масштабдуу семинар болуп өттү.
22-ноябрь күнү мектебибизде мектепте жана класстан тышкаркы иштеринин уюштуруучусу Саттарова Кундуз эжекенин иш-тажрыйбасын жайылтууга арналган семинар болуп өттү.Семинарда Кыргыз республикасынын президентинин 2022-жылдын 20-майындагы №157 " УЛУТТУК НАРК" жөнүндөгү жарлыгын ишке ашырууга багытталган сабактар, көргөзмөлөр жарманкеси болуп өттү. Семинарга Баткен районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мажилимов Олжобай жана Баткен районундук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы метод кабинетинин башчысы Талант Алимкулов о.э райондогу мектептердин тарбиялык завучтары катышты.Конокторду тосуп алуудан баштап , иш-чара аяктаганга чейинки иштерди бардыгында улуттук нарктын үлгүлөрү камтылып өттү .
Кыргыз тили мугалими Маккамбаева Гүлнара "Убакытты туура пайдалануу" деген темада кызыктуу,тарбиялык саба өтүп берди.Сабак эң жакшы деңгээлде өтүп, көпчүлүктүн алкышын алды.
Мектептин жаш мугалими Маликова Үрүмкан улуттук нарк "Бата алуу жана бата берүү"деген темада сахналаштырылган класстан тышкаркы иш боюнча сабак өттү.Сабакта кыргыз элинин нарк-насили сахнада боз үйдүн ичинде бала төрөлгөндөн баштап, үй-бүлөсү менен эркин жашаганга чейинки басып өткөн жолундагы жашоосу сүрөттөлдү. О.э келген коноктор Саттарова Кундуз эжекенин иштерине ийгилик каалашты, Ш.Токсонов атындагы орто мектебинин жамаатына ыраазычылык айтып кетишти.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика