СШ Учреждение "Средняя школа им.Ш.Токсонова"

Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Баткенский р-н,Кара-Булакский а/а,с. Бужум, улица М.Матисламов, 73

Автор: СШ Учреждение "Средняя школа им.Ш.Токсонова" 27 Декабрь 2022 ж. 9:04

Ш.Токсонов атындагы орто мектеби

 

Шарап Токсонов атындагы орто мектеби 1971-1972-окуу жылынан баштап жалпы билим берүүчү орто мектеп болуп иштеп келе жатат.640 орундуу.1984-жылы райондук аткаруу камитетинин чечими менен «Москва» орто мектеби деп аталып,2010-жылдан баштап Баткен райондук мамлекеттик адмимистрациясынын токтомуна ылайык Шарап Токсоновдун ысымы ыйгарылган.

Мектепте окуу процесин учурдун талаптарына ылайык уюштуруу үчүн предметтик кааналар уюштурулган жана керектүү окуу куралдары,методикалык материалдар,көрсөтмө куралдар менен жабдылган .Окуучуларга сапаттуу билим берүү камсыз кылуу үчүн өзгөчө көңүл бурулат.Предметтик кааналарда 3 даана телевизор,2 даана проектор, 12даана компьютерлер бар.Интернет менен туташтырылган.

  Мектеп китепканасынын фондунда 12936 даана китептер бар,анын ичинен көркөм адабий китептер 2289,орус класстар үчүн 500,ата энелер алып берген китептер 200.Окуучулардын 82 пайызы окуу китептери менен камсыз болушкан.

        Билим берүү чөйрөсүндө мектеп бир топ ийгиликтерге жетишип бутуруучу окуучуларыбыз Негизгиси тесттен 182 балды алган Жалалов Нурмухамед Эл аралык мамилелер университетинде окуп жатат.Ал эми 2021-2022-окуу жылында 11-класстын 36 бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен 20сы ЖРТгө катышып, эң жогорку 202 баллды Сыдыкова Хафиза Саатбековна алды.  ЖРТгө катышкан окуучулардын 65%ы 110 босого баллдан жогорку балл алышты.

   2017-2018-окуу жылында 11-класстын 39 бүтүрүүчүлөрүнөн Алимбекова Мадина «Алтын тамга» артыкчылык  аттестатынын ээси,2018-2019-окуу жылында 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнөн Жалалов Нурмухамед жана Мавлянкулов Нургазылар ал эми  2019-2020-жылы Бекташова Рахат Асылбекова Гүлшайыр жана Козубаева Мадиналар “Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын ээси болушту.

Долбоорлор менен аткарылган иштер:

1.2012-2013-окуу жылында Билим берүү жана илим министирлигинин финансы болүмүнөн гранттын эсебинен,долбоордун негизинде, мектептин спорттук залы жана ашканасы капиталдык ремонттон өткөрүлгөн.

2.2013-2014-окуу жылында окуучуларга сапаттуу билим көтөрүү максатында Бириккен улуттар уюмунун «Азык түлүк»программасы долбоорунун алкагында мектептин ашканансы эмеректер менен камсыздалып,1-4-класстын окуучулары ысык  тамак менен тамактанышууда.

3.2016-2017-окуу жылында GIZ Германия уюму тарабынан долбоордун негизинде мектептин китепканасы  көрком адабияттар жана жомоктор менен толукталды.

4.Өткөн окуу жылында Ага-Хан фондунун демилгеси менен техникалык  окуу каражаттары ыйгарылды.Алар ноутбук ,проектор,экран,штатив,МФУ  видеокамера, санариптик фотоапарат,вайфай,роутермодем ,глобустар берилип,аларды сабакта колдонуу менен сабактарыбыз жемиштүу өтүлүүдө.

Бүгүнкү кундо мектебибиз 10дон ашуун долборлор менен иш алып барууда  2017-2018- жылынан баштап Biom  экологиялык  кыймылы Эвропа уюмунун «Коопсуз мектеп» аттуу долбоору менен иштешет.Ошол эле жылы «Келгиле окуйбуз» долбооруна кирип алгылыктуу иштерди аткарууда.Андан сырткары Көп тилдүү билим берүү программасы  долбоору менен да иштешет.

2019-2020- окуу жылында Окуучулардын компотенттүүлүгун жогорулатуу максатында «Жарандык модел» долбоору менен иш алып барып жатабыз.

Мектеп жамааты окуучуларга татыктуу билим тарбия  берүү менен,  сабактардан тышкаркы иштерди жогорку деңгээлде аткарып,  Президентибиздин  жарлыгына ылайык,  “Кыргызстандагы тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук” темасында дил баяндар конкурсу жана  “Кыргызстандын жаратылышы” деген темада  сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Класс жетекчилер  Энелер мектебинин сабактарын өтүп, ата-энелер менен тыгыз иш алып барышат.

 “Бир адамдан бир көчөт” акциясынын алкагында 160 даана көчөт жана гүлдөр отургузулду.

Билимкана олимпиадасына окуучулар катышып райондук, облустук турларыдан жеңүүчү болуп, Бишкек шаарында өтүлгөн республикалык туруна  11 окуучу катышып келишти.

Окуучулардын предметтик олимпиадасынын зоналдык турудан жеңүүчү болуп райондук туруна  катышкан окуучуларды атап айтууну туура көрдүм.

  1.   –9-а кл.ок.Абсаматова Айпери -  орус тил.саб.-Козубаева Чолпонай
  2.   –11-кл.ок.Абдиллаева Назми-  химия саб.- Омурзакова Бүүсара
  3. – 9-б кл.ок.Асылбекова Гүлүмкан – геогр – Сейитова Айнура
  4. –9-а кл.ок.Набиева Мээрим  - чет тили  - Шайдилла к Акпери
  5. –9-б кл. ок. Сапарбаева Зуура  - тарых –Аширова Айсалкын

 

9-класстын окуучусу Набиева Мээримгул Махаматжановна райондук турдун жеңүүчүсү болду жана Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамотасы” менен сыйланды.

 Улуттук олимпиадада   биология сабагы боюнча 6-г классынын окуучусу Тойчуева Айбийке – мугалими Тулабаева Токтокан жана Математика сабагы боюнча 11-б классынын окуучусу  Саатбек кызы Хафиза мугалими Осмонова Урматай. Бул окуучулар улуттук олимпиаданын  1-этабынын жеңүүчүсү болушту.

“Жоокер ыры” конкурсунун райондук турунда 6-г кл ок. Жалалова Асема жана 5-г кл ок. Исакова Гулира 2-3-орунду ээлешти. Окуткан мугалими Эргешова Жыпаргүл эжеке.

Окуучулардын республикалык “Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын алкагында өткөрүлгөн “Илим+Ойлоп табуу=Техника олимпиадасынын райондук, облустук турларына окуучуларыбыз катышып, байгелүү орундарды ээлеп келишет. Былтыркы жана быйылкы окуу жылында 10-класстын окуучусу Зайирбек уулу Сыймык аттуу окуучубуз олимпиаданын облустук турунан 1-орунду ээлеп, республикалык туруна катышып келүүдө.

Бул окуучуларыбыз менен сыймыктанабыз.

Окуучулардын билим алуусу үчүн   шарттарды жакшыртуу максатында, мектеп жамааты  долбоорлордун алкагында да бир топ алгылыктуу иштерди аткарып келебиз.  Атап айтсак:

  1. 2013-2014-окуу жылында 1-4-класстардын окуучуларынын билим  сапатын  көтөрүү жана аларга берилүүчу ысык тамактын сапатын жакшыртуу  максатында Бириккен улуттар уюмунун “Азык түлүк” программасы долбоорунун алкагында мектептин ашканасы   550 000 сомдук ашкана эмеректери менен камсыздалып, 1-4-класстардын окуучулары ысык тамак менен тамактанышууда.
  2. Билим берүү жана  илим  министрлигинин финансы  бөлүмүнөн, гранттын эсебинен, долбоордун негизинде, мектептин спорттук залы  жана ашканасы капиталдык ремонттон өткөрүлгөн.

 

  1. Өткон окуу жылында Ага-Хан  фондунун демилгеси менен  “Кыргызстандын жана Тажикстандын жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкаруу аркылуу туруктуулукту бекемдөө” долбоорунунун алкагында ноутбук, проектор, экран, штатив, МФУ, видеокамера, санариптик фотоаппарат, вайфай роутер, модем, глобустар берилип, мектептин ар кандай класстан тышкаркы иштеринде жана ачык сабактарда кеңири колдонулууда.Ошондой эле мектептин өзүн-өзү башкаруу парламентинин ишин жакшыртуу максатында,  окуучуларды семинар окууларынан  өткөрүштү.Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн  ресурстук каанасы биздин мектепте ачылды жана мугалимдердин изденүүсүнө, сабактарга даярдануусуна шарт түзүлдү.

 

  1. 2016-2017-окуу жылында GIZ германия уюму тарабынан долбоордун негизинде мектептин китепканасы - көркөм адабияттар  жана жомоктор менен толукталды.
  2. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 6 даана компьютер берилген, буюрса дагы 20 компьютер берилүү алдында турат.
  3. Кыргыз Республикасындагы мектептик билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун каржылоо механизмдерин өнүктүрүү максатында,  Biom экологялык кыймылы Европа уюмунун “Коопсуз мектеп” аттуу долбоордун алкагында, мектептин көптөгөн  көйгөйлөрү чечилди. Класстык кааналар талапка ылайык жарыктандырылды, таза суу түтүгү орнотулду, өрт өчүрүүчү 2 даана щит толук шаймандары менен берилди, таштанды таштоочу урналар, кырсыктардан сактануу боюнча маалымат залы уюшулду, абаны тазалоочу лампалар, нымдуулукту, жылуулукту өлчөөчү приборлор жана санитардык –эпидемиалаогиялык талаптар боюнча китептер берилди.
  4.  “Акылдуу мектеп жана мугалим”  долбоорунун негизинде  мугалимдерибиз  ноутбук менен камсыз болуп, аралыктан окутуу мезгилинде көйгөйлөр аз болду. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюшулган “Санарип мугалим” конкурсунун райондук турунан 3 мугалимдерибиз жеңүүчү болуп, башталгыч класстардын мугалими Козубаева Бактыгүл эжекебиз облустук турунан 2-орунду ээледи.
  5.  Башталгыч класстардын окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында “Окуу керемет” долбоорунун негизинде мугалимдер окуу курстарынан өтүп жатышат, мектептин китепканасына сүрөттүү, кызыктуу, маалыматтык  китептер  менен камсыздалды.
  6. Көп тилдүү билим берүү азыркы заманда окуучуларга толук кандуу келечекти камсыздайт. Бүгүнкү биздин окуучулар Кыргызстанда  билим алуу менен чектелбестен, башка мамлекеттерде билим алууну самашат.Ошондуктан биздин окуучуларга эки же андан ашык тилди үйрөтүүбүз зарыл.  Көп тилдүү билим берүү программасы долбоорунун алкагында мугалимдер семинар-окуулардан өтүп, тандалган класстарда сабактар   орус  тилинде өтүлүүдө.
  7.  Окуучулардын компотенттүүлүгүн жогорулатуу максатында                        “ Жарандык модель” долбоору менен иш алып барабыз, бул долбоордун алкагында адам жана коом предметинин мугалимдери окуулардан өтүштү, мектепте класстан тышкаркы иштер жакшы жолго коюлуп, мектептин астрономия клубуна телескоп берилди.

 Ошондой эле  “Мектептер_2030”долбоорунун алкагында “Адамга багытталган дизайн ой жүгүртүү” башталгыч класстардын мугалимдери жана математика мугалимдери окуу курсунан өтүп, мектептин окуу залы уюшулду. 178980 сомдук: китептер, стол, стулдар, проектор, стеллаж берилди.

4..  Ага Хан фонду тарабынан  кол жуугучтар орнотулат. (ушул айда аткарлуу алдында турат)

 

  1.  Биздин мектеп  Инновациялык мектептердин тизмесине кошулуу үчүн “Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбооруна тандалып алынды. 2023-жылы долбоордун алкагында оңдоп, түзөө иштери башталат. Буюрса дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишебиз деген үмүттөбүз.

Мектеп долбоорлор менен иш алып баруу менен гана  чектелбейт, мектептин бүтүрүүчүлөрү жыл сайын демөөрчү болуп, жакындан жардам көрсөтүп келишет. Атап айтсак: музыкалык аппарат, видео козөмөл, отургучтарды орнотушту жана   мектептин айланасындагы жолдорду оңдошту.

Былтыркы 20 жылдык бүтүрүүчүлөрүбүз гүлдүн айланасына тосмо тосушту. Быйылкы 20 жылдык бүтүрүүчүлөрүбүз 10 даана отургучтарды белек кылышты.

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн эсебинен:

  1. 2011-жылы -  Жыйындар залы жасалгаланган.
  2. 2013-жылы – тосмо тосулган.
  3. 2014-жылы – мектптин ашканасына септик орнотулган.
  4. Мектептин тарых музейи жана залдары жасалгаланган.
  5.  Ажааткана курулду.
  6.  Мектептин тосмосу курулуп башталды.

      

Ушундай жетишкендиктер менен буюрса коп тилдуу билим беруу аркылуу,коп турдуу чойрого адаптацияланууга даяр бутуруучулорду даярдайбыз.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика