Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Отуз-Адырский а/а,с. Отуз-Адыр, улица Ж.Шерикбаев, №5
12-декабрь бүткүл прогрессивдүүадамзат улуу ойчул,гуманист жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүн белгилейт.Бул күн Айтматовдун урматына улуттук адабият күнү катары жарыяланган.Чыңгыз Айтматов аң-сезимибизди руханий асылдуулукка сугарып,дүйнөлүк цивлизациянын маданий чөйрөсүн байытууга зор салымын кошкон кыргыздын улуу инсаны.Ал аалымдык ойчул экенин дүйнөгө таанытты. Айтматовдук рух дөөлөтүн жаратты. Чынгыз Айтматовдун чыгармалары "ички рухтун эркиндиги үчүн ар дайым күрөшко чакырат."
"Биз дүйнөнү өзгөртөбүз,дүйно бизди өзгөртөт".Бул сөз Айтматовдун жазуучулук башкы миссиясы.Айтматовдун көркөм адабияты көкүрөккө асылдыктын үрөнүн сээп,тазалыкка, аруулукка үндөп келет.Жазуучунун улуу көркөм мурасын терен өздөштүрүү,кеңири жайылтуу жана анын гуманисттик идеяларын окуп үйрөнүү өзгөчө мааниге ээ.Айтматов доордун үнү,доордун чындыгы.Айтматовдун көркөм дүйнөсү түбөлүктүү
Залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун дүйнөлүк классикага айланган чыгармаларын кастарлап окуган бардык мекендештерибизди бүгүнкү адабият майрамы менен куттуктап!
№12-Отуз-Адыр орто мектебинин окуучулары Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышып,адабий кечэсин эн жакшы деген маанайда тартуулап алдынкы орундарга сыйлуу баракчалар,жана акчалай сыйлыктар берилди.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика