Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Халмионский а/а,с. Халмион, улица Абдыкадыр Орозбеков, 81
2022-жылдын 8-декабрь күнү Токтогул атындагы орто мектебинин башталгыч класстар арасында ,,Окуу керемет!" долбоорунун алкагында ата-энелер менен окуучулар катышуусунда Фин-чилистен сынагы өткөрүлдү. Сынактын
МАКСАТЫ:
Жеке каржыны башкарууну үйрөнүшөт
Финансылык сабаттуулук калыптанат
Финансылык туура чечимдерди кабыл
алууга тарбияланышат.
Финансылык сабаттуулук-бул адамдын жаш кезинен калыптанып, өз алдынча акча табуу жана аны сабаттуу башкаруу жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн өзгөчө сапаты. Финансылык сабаттуулук-жеке каражыны эффективдүү башкаруу, кыска жана узак мөөнөттүү финансылык пландаштыруу. Кичинекей мектеп курагындагы балдарды финансылык сабаттуулукка тарбиялоо азыркы учурдагы эң актуалдуу жана глобалдуу маселе. Ошондуктан баланы финансылык сабаттуулукка өздөштүрүүсүнө жардам берүү керек, бирок ал үчүн баарын жасабаш керек. Мугалимдердин жана ата-энелердин милдети-баланын заман талабына ылайык ыңгайлашуусуна жардам берүү. Жашынан каржылык адаттарга калыптанган, акчанын баркын билген бала чоңойгондо ийгиликтүү инсан болуп чыгышы толук ыктымал.
Конкурстун шарттары:
Конкурс 6 тур менен өттү:
1-тур: Өз колу менен акча топтоочу буюм (копилка) жасоо
2-тур: Топтун атын коргоо. 3-тур: Блиц суроолор 4-тур: “Биздин каржылык абалыбыз кандай?” 5-тур: Акча чогултуу боюнча кеңештер 6-тур: Жыйынтыктоо
Сынак аягында катышкан ата-энелерге мектеп дирекциясы тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика