ШГ школа-гимназия №3 "Охна"

Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Орозбековский а/а,с. Кулду, улица А.Орозбеков, №245

Автор: ШГ школа-гимназия №3 "Охна" 8 Декабрь 2022 ж. 17:47

Вич- СПИДге каршыбыз!

№3 "Охна" гимназия- мектебинде 2022-2023-окуу жылында "Биз СПИДге каршыбыз" деген аталышта биология мугалимдери Канботоева Диларам, Мажитова Мукадам окуучуларга СПИД боюнча тушундуруу иштерин жургузду. Бул иш-чарага 8-9-10-11-класстын окуучулары жана мугалимдер катышты.Биология мугалимдери окуучуларга СПИДдин жугуу жолдорун сактануу жонундо кенири айтып беришти.Окуучулар арасында суроо жооптор болуп кенири талкууга алынды.

       Буткул дуйнолук СПИД менен курошуу куну-ар жыл сайын 1-декабрда белгиленуучу кун.Айыкпас оорулардын бири бул Вич-СПИД оорусу.Бул дарт коп жылдардан бери жер планетасынын чон койгойу болуп дарысы бугункуго чейин жок.Ушу себептен Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 1987-жылдан тарта 1-декабрь Буткул дуйнолук СПИДге каршы куну деп белгиленип келет.

   -ВИЧ деген эмне?

  -СПИД деген эмне?

  -ВИЧ-СПИД кандай жолдор менен жугат?

 -ВИЧ кандай учурда жукпайт?

 -ВИЧ-СПИДтен кантип сактануу керек?

 -ВИЧ-СПИДдин белгилерин кантип билсе болот? 

    Ушул суроолордун тегерегинде талкуу жургузулуп, тушундуруу иштери жургузулду. Ден-соолукка кам коруу, жугуштуу илдеттерден алыс болуу ар бир инсандын оз колунда экендиги  маалым болду.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика