Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Жоошский а/а,с. Калинина, улица Кадыров Тагай, 16
Мугалим суусу соолбос кайнар булак,
Мугалим сулуу гана арча дарак.
Мугалим жарык нурун кенен чачкан,
Мугалим кылымдарга өчпөс чырак.
Бүгүн Кыргызстанда мугалимдер күнү белгиленүүдө. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өкмөт 5-октябрды Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү катары бекиткен. Бул тууралуу токтомго 2014-жылы кол койгон.
1994-жылдан бери дүйнөнүн жүздөн ашык мамлекетинде 5-октябрь Мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнү катары майрамдалып келет. Бул күн мугалимдердин жана билим берүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленип, алардын билим берүүгө жана коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы даңазаланат. Бул күнү биздин мектепте мугалимдерди таң эртеден окуучулар жылуу маанайда,музыканын коштоосунда ,шириндиктер менен тосуп алышты. "Мугалим мектептин жүрөгү"деген темада окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программага кубө болушту.Мугалимдик кесиптин улуулугун даңазалаган докладдар окулуп,окуучулар мугалимдерин куттукташты.Бар бол биздин азыркы күндүн агартуучулары!
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика