Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Жоошский а/а,с. Калинина, улица Кадыров Тагай, 16
1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген.Карылар күнүн белгилөөнүн максаты – дүйнө коомчулугунун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүлүн бурдуруу, карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүү.Алгач бул датаны Европада, андан соң Америкада, ал эми 1990-жылдын аягында бүт дүйөн белгилей баштаган. 1-октябрь күнү көптөгөн өлкөлөрдө түрдүү фестивалдар, майрамдар, акциялар жүрөт. Мунун баары улгайган адамдардын укуктарын коргоо, аларга көмөк көрсөтүү үчүн жасалат. Өкмөттүк эмес уюмдар ар кандай кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп, радио жана теле берүүлөрдө карылардын көйгөйлөрүн чагылдырышат.
Биздин мектепта ушул кундү утурлай мектепте үзүрлүү эмгектенип келген карыяларыбыздын үйлөрүнө окуучулар менен биргеликте барып ,кабар алып,ал-абалын сурап ,жардамдашчуу иштерин бүтүруп,алардын ак батасын алып,алар менен кызыктуу маек куруп ардактуу карыяларыбыздын ден соолугун сурап келишти.Бар болгула биздин төрүбүздүн коркү болгон карыялар!
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика