Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Жоошский а/а,с. Калинина, улица Кадыров Тагай, 16
№44 Абдраман Сматов атындагы орто мектебинин 2022-окуу жылында 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыргыз-тили кылымдарды карыткан,эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан”аттуу бир айлык иш-чарасы өткөрүлдү.
23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 33 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.
2022-жылдын 23-августунда бекитилген “Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33-жылдыгына карата мамлекеттик тилдин бир айлыгы боюнча иш-чарасынын”алкагында түзүлгөн буйруктун негизинде мектепте Мамлекеттик тил күнүнө карата иш план түзүлдү жана анын айланасында иш-чаралар болуп өттү.
Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон. Мына, ошол күндөн бери, 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет. Бул күнү билим берүү мекемелеринде кыргыз тили боюнча ар кандай сынактар уюштурулуп, концерттик программалар менен коштолот. Ушул майрамды утурлай, мамлекеттик деңгээлде атайын иш-чаралар өткөрүлүп, кыргыз тилин өнүктүрүү, үйрөтүү маселелеринин тегерегинде талкуулар болуп турат.
Биздин мугалимдер да жалпы кыргызстандыктарды улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон-мамлекеттик тил майрамына карата бир айлык иш-чара түзүлдү.Анын негизинде тил күнүнө карата мектепте бурч уюшулду.
16-сентябрда ”Сабаттуу жазабыз”аттуу сынагынын негизинде окуучулардан тил күнүнө карата жат-жазуулар алынды.Окуучулардын орфографиялык,пунктуациялык жактан туура,сулуу жазууга мугалимдер тарабынан түшүндүрмөлөр берилди.
19-сентябрь “Эне-тилим сыймыгымсың даңктаган”деген темада көркөм окуу сынагы уюштурулду.Бул сынакка 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар тартылды.Сынактын жүрүшүндө окуучулар элибиздин улуу акын жазуучуларынын көркөм ырларын көркөм аткарып беришти.
Сынакта
1-орунду 11-класс окуучусу Айтмаматова Нурия
2-орунду 10-класс окуучусу Дарбанова Аземгүл
3-орунду 5-класс окуучусу Ысмаилжанова Алия алды.Жеңүүчүлөр грамата жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.
20-сентябрь “Улут болсом,тилим менен улутмун!” деген темада 4-класстан-11-класска чейинки окуучуларга дилбаян жазуу конкурсу болуп өттү.Тилдин улуттук баалуулук катары кастарлоого,аны барктап, азыркы жаш муундарга туура багыт берүү менен тилибизди даңазалаган мыкты дилбаяндар калыстар тобунун алкышына ээ болду.
21-сентябрда “Кыргыз тили кылымдарды карыткан”деген темада адабий композициялык кече өткөрүлдү.Бул кечеде окуучулар өздөрү даярдаган көркөм окууларды,сахналык көрүнүштөрдү,улуттук баалуулук болуп эсептелинген комуз күүлөрүн жалпы мектептин окуучуларына коюп беришти.
23-сентябрь “Өнөр алды кызыл тил”деген теманын негизинде 5-класстар тарабынан концерттик программа коюлду.Анда окуучулар улуу тилдин нарктуулугун ,элибиздин сөз баалаган,сөз баккан ,чечендикти даңктаган оозеки адабияты тил менен өнүккөнүн сезип,туюшту.Программанын негизинде жазуучулар Шайлообек Дүйшеевдин “Эне тилин унуткандар”, Түмөнбай Байзаковдун “Эне тил” Э.Өскөналиевдин “Эне тил кайрыктар”чыгармалары көркөм окулду.Баалуу тилдеги учкул сөздөр,макалдар ыр саптар айтылып ,көрүүчүлөргө ары кызыктуу,ары шаңдуу майрам болду.Анын арасында окуучуларга даярдалган атайын суроолор узатылып,жооптор туура болсо белектер берилди.
Ошого утурлай эле “Ырдайбыз,кыргыз ырларын”элдик ырларды аткаруу боюнча 10-класс окуучулары биргеликте тил жөнүндөгү ырларды аткарып беришти.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика