Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Савайский а/а,с. Кызыл-Шарк, улица Кызыл-Шарк, 2
№72 Х.Таширов атындагы билим берүү комплекси мекемеси
1-сентябрь “Билим күнү”
2022-2023-окуу жылы
1-сентябрь “Билим куну” салтанаттуу аземин өткөрүү боюнча сценарийи
Залов Алманбет Алтынбекович
Полотов Гапыр
Алимжанов Абиджан
Бардык жалпы билим берүү окуучуларга биринчи саат
10-класс (“Кыргыз жараны жарандардын биримдигинин негизи”)
7-9-класстар (“Эл биримдиги көп түрдүүлүктө”)
5-6-класстар (“Элдердин биримдиги маданий көп түрдүүлүктө”)
1-4-класстар “(Мен Кыргызстандын жаранымын”)-деген темаларда салтанаттууу иш-чаралар жана биринчи сабактар өткөрүлөт.
Залкар ойду закымдатып отурган ,
Закымдаган ак тандарды аттырган.
Замандашым заманымдын байлыгы,
Жолдойм сага жылуу салам кайрыгын.
Ассалоому алейкум урматтуу эже-агайлар, ата-энелер, коноктор о.э.окуучулар . Мына ошентип арадан 3ай убакыт өтүп,кайрадан алтын уябызда көрүшүп турабыз.
Быйылкы окуу жылы бизге жалаң ийгиликтерди алып келсин.
Анда эмесе, кол чабуулардын коштоосунда 1-класстарды арабызга чакырып алсак.
1-“А” класс окуучулары, мугалими Айбек кызы Махинур
класста 35 окуучу окуйт.
1-“Б” класс окуучулары, мугалими Абдуллаева Машхура
класста 36 окуучу окуйт
1-“В” класс окуучулары , мугалими Тешебаева Гульнора
класста 31 окуучу окуйт
1-“Г” класс окуучулары , мугалими Тешебаева Арапат
класста 32 окуучу окуйт
1_”Д” класс окуучулары .мугалими Мамадалиева Мафтуна
класста 28 окуучу окуйт
1-“Е” класс окуучулары ,мугалими Аматбекова Элиза
класста 28 окуучу окуйт
Анда эмесе, бүгүнкү салтанаттуу аземди ачып берүү үчүн сөздү мектептин директору Калматова Канайым Калматовага беребиз.
Куттуктоо сөздөрү берилет.
-Манас жаштар уюмунун вицепрезиденти Бахтияржанова Муслимага сөз берилет.
Күз келип айлананын шаңын берди,
1-коңгуроо майрамы да кирип келди
Алтын уя мектепке кадам таштап.
Окуучулар билим алчу кезек келди.
-Биринчи коңгуроо чалынат.
1-класстар тарабынан даярдалган чакан концертке көңүлүңүздөдү бурабыз.
Савай айыл өкмөтүнүн участкалык көзөмөлдөөчүсү , милициянын ага лейтенанты Абдылдаев Чыныбек Асановичке сөз беребиз.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика