Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Сары-Колотский а/а,с. Шерали, улица 15, 1-18
2022-жылдын 5-сентябрынан 2022-жылдын 13-октябрына чейин Мамлекеттик тилдин бир айлыгы деп жарыяланып, иш пландар түзүлүп аткарууга берилди.
Мамлекеттик тилди даңазалоо, тилди үйрөтүүдө жүргүзүлүп жаткан иш чаралар боюнча бурчтар уюштурулду.
Окуучулар арасында көркөм окуулар, дил баяндар, эссе жазуу, стен газета чыгаруу, манас айтуу боюнча сынактар уюштурулду. 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш чара өткөрүлдү. Салтанаттуу иш чарада Кыргыз тили жана адабияты мугалими Сабыржан кызы Бермет доклат окуду. Ошону менен биргеликте эле мектептин кыргыз тили мугалимдери тарабынан 7-9-класстардын катышуусунда "Элимдин эртени-эне тилинде" аттуу иш чара өткөрүштү. Иш чарада окуучулар сахналык көрүнүш, көркөм окуу, тил жөнүндө ырлар, манас айтышуу болду.
23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата 1-9-класстарга тарбиялык сааттар өтүлдү.
“Мамлекеттик тил күнүнүн” бир айлыгына карата ачык тарбиялык сааттарды өтүлдү. Кыргыз тили мугалимдери Асанова Орунбу “Кыргыз тили-кыргыз элинин улуттук тили, улуттук маданиятынын очогу”деген темада, жана Карабаева Гулзат “Тилиң менен улутсуң” деген темада ачык тарбиялык сааттарды өтүштү.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика