ШГ школа-гимназия №3 "Охна"

Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Орозбековский а/а,с. Кулду, улица А.Орозбеков, №245

Автор: ШГ школа-гимназия №3 "Охна" 9 Ноябрь 2022 ж. 9:31

Улуттук нарк- руханий байлык.

             2022-2023-окуу жылында №3 "Охна" гимназия-мектебинде 7-ноябрь куну 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана онуктуруу жонундо улуттук программанын негизинде тузулгон иш -чарага ылайык "Улуттук нарк-руханий байлык" аттуу 10-класстар арасында иш-чара болуп отту. Ошондой эле 7-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскеруу куну катары белгиленди.Тарыхты терен тушунуу жана анын сабактарын эске алуу менен гана Кыргызстан келечектеги онугуунун багыттарын туура аныктап, болочок муун учун бекем негиз тузуп, азыркы дуйнодо озунун татыктуу ордун ээлей алат. Откон жолун унуткан муун келечекке жол таппайт.Ошол себептен, кыргыз элинин улуттук ашканаларын, улуттук кийимдерин, улуттук аспабын онуктуруу жана даназалоо максатында окуучулар оз чеберчилигин корсотушту.Кыздар оздору уйдон даярдап келген турдуу улуттук тамак аштарын кантип даярдоо ыкмасын корсотушуп, презентациялап беришти. Нан, боорсок, каттама болмоюнча кыргыз дасторкону ажарына келбестигин баса белгилешти.Бул да болсо окуучулардын оздорунун кызыкчылыгын арттырууда.

            Улуттук кийимдердин баалуулугун кыргыздын кыргыз экендигин айгинелеп турган кийимдерди кийишип, кыргыз бийин бийлешти. Улуттук аспаб комузда 8-класстын кыздары Толобаева Аймурок жана Жолонова Алина "Кыз кербез" куусун  чертишип , обондуу ырларды да ырдашты.Ошондой эле мукам уну менен 10-б класстын окуучусу Абдилова Айтурган "Аманат" ырын кубулжата ырдады. 

          Жогоруда айткандай кыргыз элинин улуттук наркы, салты, маданияты, тарыхы тугонбогон руханий байлыкка бай.

           Бул иш-чара окуучуларга улуттун улут экендигин таануу болуп саналды десек жанылбайбыз.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика