Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Халмионский а/а,с. Халмион, улица Абдыкадыр Орозбеков, 81
Ата-эне баланы дүйнөгө келтиргени үчүн эмес,татыктуу тарбия бергендиги үчүн гана сыймыкка ээ болот.
Ата-эне үчүн перзентинин ийгилигин коруштон да кубаныч болбосо керек.Мындай ийгиликке жетишүү ар бир ата-энеден тынбай изденүү,терең билим жана тажрыйбаны талап кылат.Ушул максатта биз Токтогул атындагы орто мектебинде 2016-окуу жылынан баштап ,,Энелер мектеби" сабактарын уюштуруп келүүдөбүз.
,, Балдарды тарбиялоодон мурда аларды ата-энелери тарбиялуу болушу керек" урааны негизинде төмөнкүдөй максаттар көздөлгөн.,Энелер мектеби" сабагында ата-энелер менен балдар ортосундогу мамиле маданиятын бекемдөө жолдорун үйрөнүшөт,балдарды ар тараптан жетишкен улуу инсан кылып тарбиялоодогу тажрыйбалары өстүрүлүп барылат.
Ата-эне да баланын билими жана тарбиясы үчүн кайгырса,ошондо гана бала жаш кезинен туура суйлоого, чоңдорго урмат, кичүүлөргө иззатта болууга,маданияттуу болууга даяр болушат.Окуучуларыбызга мына ушундай эң жакшы тарбия усулдарын ,,Энелер мектеби" сабактары аркылуу тушунтуруп барылууда.Анын натыйжасында айылыбызда үлгүлүү,интеллегент үй-бүлөлөр көбөйүп, маданияттуу,билимдүү жана ыймандуу, адептүү уул- кыздар тарбияланууда.Бул менен мектебибиз окуучулары көптөгөн ийгиликтерди колго киритиб олимпиадаларда,ЖРТ натыйжаларында эң жогорку көрсөткүчтөрдү берип жатат.
Үй-бүлө жана мектеп ортосунда ынтымактык ,биримдик болсо коомдо тынчтык болот.Мамлекет да тынч болуп өнүгүп өсө берет!
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика