Основная школа №17 имени Хафиза Турсунова

Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,г. Кара-Суу, улица Г.Айтиева, 17

Көрүлдү: 178

Основная школа №17 имени Хафиза Турсунова

№17 Хафиз Турсунов атындагы негизги мектеби жөнүндө маалымат

    Ош облусу Кара-Суу району  №17 Хафиз Турсунов атындагы негизги мектеби жөнүндө маалымат. Мектеп шаардагы эң эски мектеп болуп саналат.Биринчи корпус 1926-жылы, экинчи корпус 1965-жылы, үчүнчү корпус 1984-жылы курулган. Мектеп 320 орунга ылайыкташтырылган. Мектептин мурунку аталышы Фридрих Энгельс атындагы толук эмес орто мектеби болуп турган. 2007-жылдан бери мектеп Хафиз Турсунов атындагы негизги мектеп болуп келе жатат. Мектептин 1926-жылы курулган 1-корпусу экотех инспекциясы тарабынан авариялык абалда деп табылып, анда жайгашкан китепкана, лаборатория жана компьютердик каана 2-корпуска көчүрүлдү. Бир класстык кана экиге бөлүнүп, китепкана жана лаборатория көчүрүлдү.Жаңы 500 орундуу мектептин курулушу боюнча бардык документтер УКСга тапшырылып, проект-сметалар даярдалып, экспертизадан өткөрүлгөн жана КРнын өкмөтүнө жиберилген.2023-жылы мектепке 500 орундуу заманбап жаңы имарат курулушу боюнча маалымат келди. Мектепте 12 класстык бөлмө, 1 мугалимдер бөлмөсү, 1 китепкана, 1 компьютердик каана. Мектепте окутуу өзбек жана орус тилинде жүргүзүлөт. Быйылкы 2022-2023-окуу жылынын 1-сентябрдагы  ОШ-1 отчету боюнча мектепте 503 окуучу окуп, билим тарбия алууда. 1-9-класста 503 окуучу 20 класс комплектисинде окуп жатышат. Алардын 231  башталгыч класс. Окуучуларга 34 мугалим Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген. Мамлекеттик базистик окуу планынын негизинде сапаттуу билим берилүүдө.

   Мектепте иштеп жаткан мугалимдер:    34

   Жогорку билимдүү:                                  31

   Бүтпөгөн жогорку билимдүү:                   2

   Атайын орто билимдүү:                           2

   Ардагер мугалимдер:                              14

Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктысы: 5 мугалим.Мектепте окутуу    5 күндүк болуп, 2 нөөмөттө жүргүзүлөт. 231 башталгыч класс окуучулары,шашке чай менен камсыздалган.

Акыркы үч жылда мектептин материалдык техникалык базасын чындоо  максатында бир топ иштер аткарылды.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика