Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35
Көрүлдү: 260
ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района
Лейлек районундагы №1 гимназия-жатак интернатынын география мугалими Рустамова Курсанай Куттуевна "Жаш эколог" ийримин ийгиликтүү жетектеп, натыйжада №1 гимназия-жатак интернатынын окуучулары Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөрдүн борбору жарыялаган республикалык сырттан өтүлүүчү сынактарга активдүү катышып, мыкты жыйынтыктарды берип келе жатат. Биздин гимназия аталган борбор менен 2019-жылдын декабрь айынан бери иштешип, сынактарга катышууда. Бул аралыкта бүткүл дүйнөлүк автоунаасыз күнүнө карата “Булганган абага “Жок” деп айтабыз” республикалык сырттан өтүүчү экологиялык сынагы 2019-жылдын 5-сентябрынан 10-декабрына чейин өткөрүлгөн. Сынакка Сайдуллаев Султан, Ниматова Айсымбат, Айипбек кызы Нурайым, Акжолова Айдана, Абдусалимова Айданек, Исабекова Улугай, Тажибаева Батма катышып, “Мыкты дил баян” номинациясына Сайдуллаев Султан жана Ниматова Айсымбат ээ болушуп, грамота жана энциклопедия китептери менен сыйланышты. Ушул эле сынакта “Эко-репортаж” (видео ролик) даярдоодо “Мыкты эко-репортаж номинациясына Камалова Асема ээ болуп, республикада 3-орунду ээлеп, Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөрдүн борборунун Ардак грамотасы жана энциклопедия китеп менен сыйланды.
КРдин Президентинин “ 2020-жыл – Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы” жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу алкагында жарыяланган видео түрмөктөр сынагына (1-ноябрдан 10-декабрга чейинки аралыкта) Исабекова Улугай, Акматалиева Нуржамал, Сабырбекова Бүүжан, Алмазбек кызы Айдай катышып, Исабекова Улугай “Өзү жашаган жердин фаунасы” номинациясы боюнча 1- орунга ээ болду, Ардак грамота жана энциклопедия менен сыйланды. Акматалиева Нуржамал “Өзү жашаган жердин кооз, кызыктуу жери” номинациясы боюнча 2-орунду ээледи. Сабырбекова Бүүжан жана Алмазбекова Айдай кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болду.
КРдин Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу максатында жарыяланган экологиялык сынакка Исабекова Улугай, Алимкул кызы Назик, Нишанбаева Кызжибек, Дастанбек кызы Айсезим катышып, “Кичинекей батарейканын тарыхы” сынагы боюнча видео ролик даярдап, Исабекова Улугай 1-орунду ээледи. Алимкул кызы Назик кызыктыруучу сыйлыкка ээ болду. Ушул эле сынакта “Радио линейка өткөрүү” номинациясы боюнча Абазов Бегатан видео түрмөк даярдап, кызыктыруучу сыйлык, грамота жана энциклопедия менен сыйланды. Абдусалимова Айданек “Изилдөө иштери” номинациясы боюнча дил баян жазып, республикада 3-орунга ээ болду.
КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык балдар жана өспүрүмдөрдүн экология, жерин таануу жана туризм борборунун 2021-жылдын иш планына ылайык 20-сентябрынан 1- ноябрына чейин өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган “Менин эгемендүү Кыргызстаным” аймак таануу сынагына Байбалаева Гулина “Сүрөт” номинациясы боюнча катышып, тарткан сүрөтү “Мыкты сүрөт” деп табылган жана грамота менен сыйланды. “Бабалардын мурасын сактайбыз, көбөйтөбүз” декоративдүү көркөм чыгармачылык сынагына Абдумаликова Салтанат , Анарбекова Айназик, Гапырова Асема, Адыбаева Бурмакан катышып, жасаган иштери кызыктыруучу сыйлыкка ээ болуп, грамота менен сыйланышты.
Кыргыз Республикасынын окуучуларынын “Туулган жерим” туристтик-аймак таануу кыймылынын “ Эскерүү программасынын алкагында 2022-жылдын 25-февралынан 15- апрелине чейин өткөрүлгөн республикалык сырттан өтүүчү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган “ Ошол улуу жылдарга таазим кылабыз!” аймак таануу сынагына сүрөт тартуу боюнча Аманов Элдияр, Байбалаева Гулина катышып, кызыктыруучу сыйлыкка ээ болушту жана грамота менен сыйланышты. Рыскулова Керемет “Бизге жашоо бергендерди унутпайбыз” темада плакат даярдап, республикада 3-орунду ээледи жана грамота менен сыйланды. Нурланбеков Кубаныч, Файзуллаева Наргиза, Абдималикова Салтанат, Муратов Нурканимет кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушуп, грамота менен сыйланышты. Исабекова Улугай “Баатырдын тарыхы” изилдөө ишин Советтер союзунун баатыры Самат Садыков боюнча жүргүзүп, “Мыкты изилдөө” иши номинациясына ээ болуп грамота менен сыйланды.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика