Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Кашгар-Кыштакский а/а,с. Джар-Ооз, улица 2, 31
Көрүлдү: 317
СШ Учреждение средняя школа №85 имени Сооронбая Жусуева
Киришүү
Ош облусунун Кара-Суу районундагы №85 Сооронбай Жусуев атындагы орто мектеби-мекемесинин жалпы мүнөздөмөсү.
Билим берүү уюмунун аталышы: №85 Сооронбай Жусуев атындагы орто мектеби мекемеси.
Дареги: Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жар-Ооз айылы 2 көчө №31.
Менчик формасы: Муниципиалдык.
Билим берүү уюмунун статусу:Жалпы орто билим берүү мектеби.
ИНН:02401201210250
ОКПО:21177145
Мектептин имараты: Эки кабаттуу, типтүү 2020-жылы ишке берилген.
Имараттын аянты:1077,0 м кв
Мектептин жалпы аянты:2,20 га.
№85 Сооронбай Жусуев атындагы орто мектебинин тарыхы:Жар-Ооз айылындагы мектеп 1958-жылы Отуз-Адыр орто мектеби болуп ачылган. 1980-жылы аталган мектеп М.Ю.Лермонтов атындагы орто мектеп болуп өзгөртүлгөн. 1996-жылы жаңы мектептин пайдубалы ашар жолу менен туптөлгөн. 2000-жылы пайдаланууга берилген. Мектепке акын жазуучу Сооронбай Жусуевдин наамы берилген. 2020-жылы 225 орунду мектептин жаңы имараты курулуп пайдаланууга берилген.
Мектептин окуп жаткан имаратында 12 класс бөлмө,ашкана,китепкана, мугалимдер бөлмөсү, компьютердик бөлмө, директордун бөлмөсү, кол эмгек бөлмөсү бар.
мектептин спорт залы жана спорт аянтчасы бар.
1.1. Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын, базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылы 12-сентябрындагы №541 токтому менен бекитилген жалпы билим берүү уюуму жөнүндөгү типтүү жобонун негизинде мектептин "Уставы" иштелип чыккан. Ош облусунун Юститция башкармалыгы тарабынан алгачкы мамлекеттик катоо 2012-01-24.ГПЮ 0022839 номери менен кайра каттоодон 2017-14-07да Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынан өткөрүлгөн. Мектеп өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын "Билим жөнүндөгү" мыйзамына, Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы укук-ченемдик актыларга жана мектептин уставына жана №85 С.Жусуев атындагы орто мектеби мекемесинин Жобосуна,Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги тарабынан бекитилген Базистик окуу пландарына таянып иш жүргүзүлөт.
1.2. Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү
Мектептеги бардык предметтер боюнча календардык пландар жана предметке тиешелүү бардык каражаттар билим берүү стандартына дал келет. Окуу программасынын көлөмү жана убактысы окуучулардын жаш өгөчөлүктөрүнө шайкеш келет.Окуу планы окуучулардын жалпы ишмердүүлүгүнүн деңгээли алардын мектепте толук күн болорун эсепке алганда оптималдуу.
Мектептин китепканасында 6872 китеп бар.Анын ичинен:712 көркөм адабияттар,572 усулдук колдонмо,5488 предметтик китептер бар. Ата-энелерге "Жаңы китеп" 5-6-класстын ижара китептери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,ата-энелер чогулушунда ижара акы төлөө боюнча келишим түзүлдүү.Ошондой эле кызыктар тараптын керектөөлөрүнө толугу менен дал келет. Мектептеги "Наристе 480 саат" балдарды мектепке даярдоо программасы мамлекеттик берүүнүн стандартына дал келет. Усулдук колдонмолор, дидактикалык материалдар жетиштүү деңгээлде. Окуучулар ата-энелер тарабынан да окуу китептери менен камсыз болуп турушат.
1.3. Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу – методикалык адабияттардын фонду) болушу
Китепканачы окуу жылынын башында мектеп окуучуларын китеп менен камсыз кылат. Мектептин Д10 отчетун ар жыл сайынберилип турат.Мектептин окуучулары китепканадан китептерди окуп турушат. Мектептин мугалимдери да газета журналдарга жазылып, өз убагында алып турушат.
2019-2020-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринин окуу китептерин ижарага берүү акысы жана тизмесин бекитүү жөнүндөгү №1003/1 2019-жылдын 22-августундагы буйругунун негизинде, мектеп админстрациясы жана китепканачы, ата-энелер менен биргелешкен чогулуш болуп, ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүүлүдө. Ата-энелер китептерди ижарага алууга макулдугун беришти.
1.4. Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушу
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан бекитилген билим берүү стандартарынын талаптарын аткаруу, окуу методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында №85 С.Жусуев атындагы орто мектебинин "Ата-энелер менен кызматташуу жөнүндө жобосунун" негизинде иш алып барат. "Окуу керемет" доолбору менен башталгыч класстын мугалимдери адабий окуу сабагына сабактарга катышып, азыркы учурда математика сабагын окуп билимин тереңдетишип жатышат.
Күчтүү жактары:
Сооронбай Жусуев атындагы орто мектеби "Жаңы китеп" аркылуу 5-6-класстардын окуучуларынын окуу китеби менен усулдук колдонмолор менен камсыз болушу. "Окуу керемет" долбоору менен башталгыч класстын мугалимдер иштеп жатышат. Долбоордун негизинде мектептин админстрациясы жана башталгыч класстын мугалимдери толук курстан өтүшүп, сертификатка ээ болушу.
Мугалимдердин маалыматтык-коммуникациялык технологияларды:телевизорду,интерактивдүү досканы сабакарда пайдалана алуусу.
Алсыз жактары:
Мектепте 7-11-класстын окуучулары үчүн окуу китептеринин мамлекеттик билим берүүнүн стандарттарын дал келбестиги,методикалык колдонмолордун жетишсиздиги, компьютерлердин бардык окуучулар үчүн талапка ылайык жетишпей жатышы.
Сунуштар:
Методикалык колдонмолордун жетишсиздиги, компьютерлердин окуучуларга талапка ылайык жетишпей жатышы.
2.1. Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушу
№85Сооронбай Жусуев атындагы орто мектебинде окуу-тарбия процессин талапка ылайык уюштурууда, окуутунун пландаштырылган максаттар коюлган. Сабактардын календардык жана күндөлүк пландарын жазууда мамлекеттик билим берүүнүн стандарттарынын негизинде жазылат, окуучуларда негизги жана предметтик компотенттүлүктөрдү калыптандыруу максатында, сабактардын максаттарын окуучунун позициясында коюп,планда окуучу сабактын акырында көрсөтө ала турган окуутунун күтүтүүлүчү натыйжалары көрсөтүлгөн.
Мектепте 4 усулдук бирикме иш алып барат. Усулдук кеңешменин планы тузүлүп, бекитилген. Ар бир усулдук бирикме:
1) "Билим башаты" усулдук бирикмеси.
2) "Тил" усулдук бирикмеси.
3) "Табигый" усулдук бирикмеси.
4)"Арфиметика" усулдук бирикмеси.
Усулдук бирикмелер өз бирикме мүчөлөрү менен иш алып барышат. Усулдук бирикме жеиекчилери август айынан баштап өткөн окуу жылына анализдөө берип, жаңы окуу жылына усулдук бирикме мүчөлөрү менен бирдикте план түзүп, мектеп жетекчиси тарабынан бекитилет.
2.2. Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу
Октуу-тарбия тарбиялоо процессин заманбап талабына ылайык өткөрүү максатында пайдаланып жаткан 10 компьютер, 1 интерактивдүү доска, 1 проектор жана 6 телевизор бар. Мектеп мугалимдери учур талабына ылайык сабактарын, окуутуунун жаңы технологияларын жана активдүү ыкмаларын колдонуу менен өтүшөт.
2019-2020-окуу жылынын апрель айынан баштап республиканын бардык мектептеринде онлайн форматтагы окуутууга өттү. Бул окуу процессинин кадимка шарттан айрымаланып, мугалимдердин жаңы изденүүлөрүн,инновациялык технологияларды аралыктан колдоонууга туура келди.Мугалимдер сабактарды:Whats App, Google Meet, Googl classroom, ZOOM, электронндук күндөлүк системасы аркылуу жүргүзө алышты. 2021-2022-окуу жылынын 1-жарым жылдыгында математика,табият таануу, химия, биология, кыргыз тил жана адабият, орус тил жана адабият предметтер боюнча атайын даярдалган видео сабактар жана сабактардын презентациялары окуучуларга ар кайсы тиркемелер аркылуу жеткирилди.
2.3. Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушу
№85 Сооронбай Жусуев атындагы орто мектебинде жылдык пландын негизинде ар бир усулдук бирикмеде предметтик декадалардын алкагында жумалыктар, көрсөтмөлүү ачык сабактар, предметтик тематикалык кечелер, тегерек столдор өткөрүлүп турат. Өз ара сабакка катышуу аркылуу окуутунунинтерактивдүү усулдары боюнча мугалимдердин чыгармачылыгын өркүндөтүү, сабактын эффективдүүлүгү артып, өз ара пикир алмашунун негизинде усулдук тажрыйба кеңейет, алдыңкы иш-тажрыйбаларды окуп үйрөнүшөт, жайылтышат,кайтарым байланыш ишке ашырылат, окуутунун интерактивдүү ыкмаларын,слайддарды видеолорду сабакта системалуу пайдалануу менен окуучулардын билим алуудагы кызыгуусун арттырат. 2020-жылдын 20-мартында пандемия мезгилинде окуучулар сабакты онлайн окушту.Мектептеги жаш адистерге тажрыйбалуу мугалимдерден насаатчы бекитилип,көрсөтмөлүү сабактар өтүлүп турат. Жаш мугалимдердин өтүлгөн сабактарына катышып, усулдук жардам көрсөтүлөт.
2.4. Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык-айкын системасынын болушу
Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин балоонун объективдүү жана ачык айкын болушу 2029-жылдан бери киргизилип, жалпы мугалимдер,окуучулар,ата-энелер пайдаланып жаткан Электрондук күндөлүк системасы болуп саналат. Бул системага кирүү үчүн ар бир окуучу, мугалим, ата-энеге логин, паролдор берилет. Алар купуя сакталат.Күндөлүктөгү бардык маалыматтар мектептин директору жана окуу завучу тарабынан көзөмөлдүккө алынат. Мындан сырткары мектептин маалыматтык базасы ИСУОда ишке киргизилген. Бул сайт мектеп жөнүндө, окуучулар, мектеп персоналдары,жетишкендиктери да киргизилген.
Мектептин директорунун буйругу менен маалыматтарды жаңылап туруу жана өзгөртүү үчүн атайын информациялык каражаттарды колдоно алган мугалим дайындалат. 9-11-класстарда балоо Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, билим берүү жана окуу стандартын аткаруу менен мамлекеттик жыйынтыктоо аттестатциясынын негизинде ишке ашырылат.
2.5. Окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери, жол-жоболору жана жыйынтыктары, ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушу
Мектепте окуучуларды баалоонун жыйынтыктары өз убагында окуучулар үчүн жеткиликтүү болуп турат.
Мисалы:ЖМАнын жыйынтыктары окуучулар үчүн атайын тактага илинип,өз убагында кандай билимдерге ээ болгондугун көрө алышат. Бул баалоону ишке ашырууда мектептегибардык персоналдын функционалдык милдеттери так көрсөтүлгөн. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо жана жыйынтыктоо аттестациясын өткөрүү мезгилинде , мугалимдерден турган апелляциялык комиссия курамы директордун буйругунун негизинде бекитилет.
Апелляциялык комиссиянын курамына окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, предметтик мугалимдер кирет. Окуучулар алган баасына макул болбогон учурда апелляциялык комиссия кайрадан билим деңгээлин текшерип, жыйынтыгын чыгарат
2.6. Коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу
Мектепте билим берүү деңгээлинин эң маанилүү максаты катары билим берүүнүн жаңы маазмунун түзүүдө компонентүү мамиленин негизинде жана тиешелүү коопсуз шарттарды түзүү менен Кыргыз Республикасына билим берүү системасын комплекстүү түрдө модеринизациялоодогу бирден бир негизги шарт болуп эсептелет. Жалпы билим берүү мекемелеринин коопсуз толерантуу жана көп тилдүү билим чөйрөсүн түзүүдө, "Билим берүү системасын инклюзивдүүлүгүн" да камсыздоо КРнын "Туруктуу өнүгүү" улуттук стратегиясын да алкагында жана Өкмөттүн 2013-2017-жылга карата туруктуу өнүгүүгө өтүү Программасында да жазылат.
Коопсуз мектептик чөйрө өзүнө бир нече аспектерди камтыйт:
Писихологиялык коопсуздук
Физикалык коопсуздук
Экологиялык коопсуздук
Кабинеттердин паспорту бар. Тарбиялык иштеринин анализи.Соцпедагогдун иш анализи. Жаш мугалимдер менен иштөө. Окуучулардын медициналык көзөмөлү.
2.7. Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасы
Мектепте ички жана тышкы баалоону узбөй жүргүзүп келет жана ал боюнча мониторингдер түзүлөт.
-ЖМА (9-класс жана 11-класс)
Мектеп ичиндеги билим сапатынын жыйынтыгы.
ЖТР жыйынтыгы.
НЦТнын жыйынтыгы.
Олимпиадалар.
2.8. Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушу
Мектепте көрүнүктүү жерде "Ишеним почтасы" уюштурулган жана мектептин соцпедагогу тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Бул почтага окуучулардан келип түшкөн каттар,сунуштар,калоолор ай сайын ачылып анализ жүргүзүлөт да акт түзүлөт. Ар бир окуучудан түшкөн каттар ананимдүү түрдө болот. Мындан сырткары ар кандай даттануулар,арыздарды кароо максатында этика комиссиясы иш алып барат.
Күчтүү жактары:
Блим берүү программаларына компотентүү окутуу процесстерин киргизүү үчүн педагогикалык методдорду, билим
берүүнүн формаларын, технологияларын баалоо үчүн окуучулар менен үзгүлтүксүз өз ара байланышты
пайдаланышы. Окуучулардын билим сапатын жогорлатуу максатында мугалимдердин 70% окутуунун интерактивдүү усулдарын жана жаңы технологияларды кеңири пайдалануу менен сабактарды өтүшү.
Алсыз жактары:
Айрым окуучулардын уюлдук телефонго кызыгуусунун арткандыгы:
Айрым окуучулардын социалдык абалынын алсыздыгы:
Ата-энелердин жоопкерчилигинин аздыгы:
Сунуштар:
Окуучулардын билим сапатын жогорлатуу үчүн ата-энелер менен тыгыз иш алып баруу.
3.1. Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү
Педагогикалык жана окуутучу - көмөкчү курамдын комплектилениши, квалификациясы, билими жана тажрыйбасы билим берүү максатына жетүүгө ылайык болуунун анализин көрсөтүлүп.
2022-2023-окуу жылына карата 30 адис эмгектенет.
Алардын:
Эркеги-3
Аялы-27
Жогорку билимдүү-19
Бакалавр-3
Атайын орто-8
Пенсия жашындагы мугалимдер-7
Пенсияга чыгып иштеп жаткан мугалимдер-7
Билим берүүнүн отличниги-2
Билим берүү министирлигинин "Ардак громатасы" менен сыйланган мугалимдер-1
Мектеп директору-1(1 штат)
ОББ-0,75(штат)
ОТБ-0,5 (штат)
социалдык педагогикалык- 0,5(штат)
Башталгыч класс-9
Кыргыз тили мугалими-3
Орус тили мугалими-3
Тарых мугалими-2
Матемакика мугалими-3
Информатика мугалими-1
Физика мугалими-1
Биология мугалими-2
Химия мугалими-1
Англис тили мугалими-2
Технология мугалими-1
Дене тарбия мугалими-1
"480 саат Наристе" программасы-1
Кыргыз Республткасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы №336 токтому менен бекитилген Штаттардын санынын типтүү структурасынын негизинде бекитилген.
3.2. Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
Физикалык жана писихологиялык коопсуз чөйрөнү камсыздоочу механизимдер жана процедуралар белгиленди,ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерине жана анын натыйжалары боюнча чечимдерди кабыл алууга карата баалоо жүргүзүү боюнча иштер жүргүзүлүп турат. Мектептин физикалык жана писихологиялык чөйрөнү түзүү максатында ата-энелер, окуучулар жана мектеп адимнстрациясы менен 3 тараптуу келишим түзүлгөн. Физикалык коопсуздук боюнча имараттын коопсуздугу, бөлмөлөрдүн жарыктандырылышы, кабинеттердин желдетилиши,коопсуздук техникалык эрежелердин болушу,эвакуациялык плпндардын болушу,жергиликтүү башкаруу уюмдарынын жазылган каттардын негизинде жөнгө салынып турат.
Балдардын ден соолугун коргоо, ооруларды алдын-алуу үчүн Жар-Ооз айылындагы ФАПтын кызматкерлери менен сабактар, лекциялар өтүлүп турат. Өрт коопсуздугу боюнча инструктаждар, окуулар АЧД мугалими тарабынан өткөрүлүп турат.
3.3. Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушу
ББУнун мугалимдердин өз ара билимин өркүндөтүүсү үстүндө иш алып баруусу, райондук жана республикалык деңгээлде билимин жогорлатуусу окуу жылынын башында берилген графиктин негизинде ишке ашырылат. Мектептеги кесиптик өнүүгүүнүн ар бир багыты боюнча:
-Усулдук иштер
-Насаатчылык, жаш мугалимдер мектеби
-Кыска мөөнөттүү трениг, семинар, конференцияларга катышуусу
-Планга ылайык өз билимин жогорлатуу курсунан өтүүсү.
Мектепте мугалимдин өз билимин жогорлатуусу жогорку деңгээлде уюштурулган, 25% мугалим ага тартылган.
Күчтүү жактары:
Мектептин мугалимдери өз билимин жогорлатуу үчүн өз убагында курстардан өтүшү, семинар, тренигдерге катышуусу.
Педагогикалык кадырлар өз кесиби боюнча иштөөсү.
Алсыз жактары:
Айрым мугалимдердин МТКны өздөштүрө албагандыгы.
Сунуштар:
Компьютердик курстарга окуп МТКны өздөштүрүү.
4.1. Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал) болушу
Мектептин имараты 2020-жылы пайдаланууга берилген. Класстык бөлмөлөр жарык жана жылуу. Кышкысын көмүр, от жагуу менен жылытылат. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мектептин кире беришинде бир пандус бар. Компьютердик бир класс бар жана компьютерлер бир гана кабинетке жетиштүү. MaxLink, "Кыргыз телеком" жоопкерчилиги чектелген коом менен интернет түйүндөрү байланыштыруу үчүн келишим түзүлгөн. Предметтер боюнча заман талабына ылайык жасалган кабинеттер окуучулардын жаш өзгөчөлүгү эске алуу менен эстетикалык талаптарга жооп бергидей деңгээлде жасалган. Окуучулар үчүн дене тарбия сабагы спорт залда өтүлөт. Мектептин спорт аянтында мини футбол аянчасы, баскетбол аянтчасы, турникттер бар. Мектептин ашканасы бардык тиешелүү ашкана эмеректери менен жабдылган. 2022-2023-окуу жылында 1-4-класстарга ыссык тамак берүү "МЕРСИКО" уюму тарабынан пландалууда.
4.2. Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)
Мектепте экологиялык, санитардык-эпидемологиялык эрежелер сакталат жана атайын нусканама иштелип илинген. Кызмат жайды тазалоочу жумушчулар тарабынын жумасына 2жолу 1%хлор менен класстык бөлмөлөр жуулат. Өрткө каршы щиттер, кошумча эшиктер бар, бирок өрт өчүрүүчү шаймандар жетишсиз, жергиликтүү башкаруу органдарына каттар менен кайруулулар жолдонуп келет. Класстык бөлмөлөрдө өрт коопсуздугу боюнча эрежелер илинген. Тарбиялык журналда ар бир класска атайын сабак өтүлүп, окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт, директор жана профком тарабынан бекитилет.
4.3. Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу
Мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча системалуу иш алып барышат,жыл сайын аткарылган иштерге анализ жүргузүлүп, көйгөйлөр аныкталып, өтө орчундуу маселелерге приоритет берилет. Компьютердик класска Ош технологиялык университетинин ректору Аттокуров Урмат Төлөгөнович тарабынан 1 МФУ принтер, кабинеттердин демөөрчүлөрү тарабынан ар бир 8 телевизор алынып келинди.
Күчтүү жактары:
Ар кандай долбоорлорго катышуу менен мектептин материалдык-техникалык базасы чыңалууда. Окуучулардын ыссык тамак ичүүсүнө шарт түзүү. USAIDдин "Окуу керемет!" долбооруна катышуу менен окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусу артууда.
Алсыз жактары:
Физика жана химия сабактарынын лабороториялык приборлордун, химиялык реактивдердин жана каражаттардын
жокткгу. Миграциянын күчөшү.
Сунуштар:
Лаборотиялык приборлорду толуктоо.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика