СШ Учреждение средняя школа №85 имени Сооронбая Жусуева

Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Кашгар-Кыштакский а/а,с. Джар-Ооз, улица 2, 31

Көрүлдү: 481

СШ Учреждение средняя школа №85 имени Сооронбая Жусуева

Институционалдык аккредитация

Ош облусунун Кара-Суу районундагы №85 Сооронбай Жусуев атындагы орто мектеби-мекемесинин жалпы мүнөздөмөсү.

Билим берүү уюмунун аталышы:№85 Сооронбай Жусуеа атындагы орто мектеби мекемеси окутуу кыргыз тилинде. 

Официалдуу аталышы:№85 Сооронбая Жусуева.

Дареги: Ош облусу Кара-Суу району Жар-Ооз айылы 2 көчө №31 үй 

Менчик формасы: Муниципиалдык

Билим берүү уюмунун статусу: Жалпы орто билим берүү мектеби.

ИНН :02401201210250

ОКПО: 21177145

Мектептин имараты: Эки кабаттуу,типтүү 2020-жылы ишке берилген.

Имараттын жалпы аянты:1077,0м кв

Мектептин жалпы аянты:2,20гектар

Мектеп мамлекеттик каттоодон 2012-01-24 .ГПЮ 0022839 номери менен кайра каттоодон 2017-14-07да Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынын өттү.

2022-2023-окуу жылынын ОШ-1 отчетун да 437 окуучу ал эми биринчи чейректин жыйынтыгы боюнча 21 окуучу кетти,6 окуучу келди .Учурда 422 окуучу билим алат.

1. БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАМСЫЗДОО САЯСАТЫ

1.1. Билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуучу бекитилген ички акттардын болушу

№85 Сооронбай Жусуев атындагы орто мектеби өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ,нормативдик актыларын ,Билим берүү жана илим Министрлигинин ,Кара-Суу райондук билим берүү бɵлүмүнүн буйруктарын жана тескемелерин ,Мектептин Уставын негизге алуу менен жүргүзөт.Жогорудагы укуктук ченемдик актылардын негизинде мекеме төмөнкүдөй өзүнүн ички актылары менен окуу -тарбия жараянын ишке ашырат.

Педагогикалык кеңешме,усулдук кеңешме,усулдук бирикмелер,ата -энелер комитети,кесиптик бирликтин жобосун.

1.2. Билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын, кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн жана өзүн-өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушу

1.2. Билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын, кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн жана өзүн-өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушу

Мектептин миссиясы: Мамлекеттик стандартка ылайык билим берүү аркылуу заманбап компотентүү жаранды калыптандыруу .Миссия Мектептин 2022-жылдын 29 -августундагы №1 педкеңешменин чечиминде кабыл алынган ,ошондой эле максаттар жана күтүлүүчү натыйжалары аныкталган. Мектепте мамлекеттик стандартка ылайык мамлекеттик стандартта көрсөтүлгөн билим берүүнүн максатын жана милдеттерин ишке ашырууда жана мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн 5 жылдык стратегиялык план иштелип чыккан.

1.3. Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу жана жооптуу адамдардын/түзүмдөрдүн болушу

Мектепте мугалимдердин ишин жакшыртуу жана педагогикалык жамааттын билим берүү сапатын көтөрүүгө катышкан механизмдери так жана анык иштелип чыккан .Жооптуу адамдар бекитилген.Директордун окутуу ,окуу тарбия иштери боюнча орун басары жана усулдук бирикмелер. Мектепте билим берүүнүн натыйжалуулугун арттыруунун төмөндөгүдөй механизмдери иштелип чыккан.Усулдук бирикмелердин ,ачык саатардын ,ички текшерүүнүн жана алдыңкы мугалимдердин иш тажрыйбаларын жайылтуунундун иш планы.Окуу планында 5-класстарга 1 саат математика 8 -класстарга 1 саат ада жана коом 10 - класска 1 саат информатика берилген.

1.4. Персоналдын жана окуучулардын жүрүм-турумунун бекитилген этикалык ченемдеринин болушу, аларды сактоо (билим берүүнүн жана инсандын, маданий көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын колдоочу уюштуруучулук маданияттын калыптангандыгы)

Мектептин стандарттарына ылайык жалпы педагогикалык жамаат менен кабыл алынган жылдык жалпы иш планда милдеттердин бөлүштүрүлүшү көрсөтүлгөн.Ал жерде "Мугалимдин кодекси","КРнын билим берүү жөнүндөгү мыйзамдары ","Эмгек кодекси " жана башка тиешелүү мыйзамдар эске алынган .Ар бир кызматкер эмгек келишиминин негизинде ишке алынат.Жолдо жүрүүнүн эрежелери өрт коопсуздугун алдын алуу ,эмгек коопсуздугунун эрежелери,ашканада тамактануунун гигиеналык эрежелери окуучуларга тааныштарылып күн са

йын текшерилип турат.

1.5. Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушу

КР нын Өкмөтүнүн 2015- жылдын 25- июнундагы №403 токтому менен бекитилген Мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык мектепте ишти баалоо ,пландоо ,уюштуруу ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун абалын,мониторинг жүргүзүү механизмдери төмөндөгүдөй жүргүзүлөт. Чейрек сайын педагогикалык кеңешме,ички көзөмөл,директор алдындагы кеңешме,усулдук бирикмелердин чогулушу ,2 айда бир усулдук кеңешме ,жалпы ата-энелер жыйыны ,ар кварталда бир ата-энелер чогулушу класстарда чейрек сайын өткөрүлөт.

 

1.6. Кызыкдар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү оңдоолорду киргизүүнүн колдонуудагы механизмдеринин болушу

Мектептин бюджетти боюнча коомдук урууларды өткөрү.Ар бир кабинетдемөөрчүлөрү менен тыгыз иш алып баруу.

1.7. Билим берүүнү башкаруунун колдонуудагы маалыматтык системасынын, веб-сайттын, электрондук почтанын болушу

Мектептин электрондук почтасы jazigulorunbaeva79@gmail.com. Веб -сайт баракчасы bilim.edu.gov.kg. Мектеп тууралуу толук маалымат ИСУО го киргизилет.Мектеп интернет булагына туташтырылган .

1. Электрондук почта jazigulorunbaeva79@gmail.com Веб сайт баракчасы bilim edu.gov.kg

Күчтүү жактары:

Мектеп типтүү, окуу-тарбия процессин уюштуруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.Материалдык техникалык база эң жакшы абалда.Мугалимдердин квалификациясы жетишээрлик дээңгелде.Билим берүүдө жаңы технологияга ээ. Мугалимдер курстардан өз убагында өтүп турушат,ар түрдүү семинарлар өткөрүлүп турат.Мектептин стратегиялык жана учурдагы пландары иштелип чыккан.Мектепте ата-энелер кеңеши түзүлгөн.Билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуучу бекитилген акттар бар.Кызыкдар тараптарды кошо тартуу менен натыйжалуу мүмкүндүк түзүлгөн .

Алсыз жактары:

Мектептин электрондук китепканасынын убактылуу жоктугу.

Сунуштар:

Электрондук китеп каананы уюштурууну пландоо.

2.1. Педагогикалык, административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумушка алуунун (жумуштан бошотуунун) объективдүү критерийлерин жана шарттарын камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу

Мектепте педагогикалык жана көмөкчү курамды жумушка кабыл алууда КРнын 2004-04-08 №106 Эмгек кодекси жетекчиликке алат.Эмгек мыйзамдарынын максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууда эмгек кодексинде көрсөтүлгөн нормативдерди сактап, эреженин негизинде кызматкерлерди кабыл алуу мыйзам чегинде жүргүзүлөт.Бул мектептин уставында камтылган.Ишке кабыл алуунун жана бошотуунун жоболору иштелип чыккан.

2.2. Штаттардын комплекттелишинин, педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү

Мекеме педагогикалык кадрлар менен толук камсыздалган.Педагогикалык кадрлардын квалификациясы толук жооп берет. Бардык кадрлар медициналык кароодон өткөрүлүп соттолбогондугу тастыктаган.Эмгек келишимдерди Эмгек кодексинин негизинде түзүлүп документтери тиешелүү жерде сакталат Педагогикалык кызматкерлердин комплектелиши.Учурда 30 мугалим эмгектенет.Анын ичинен 19 мугалим жогорку билимдүү,3 мугалим бакалавр, 8 мугалим атайын орто.

2.3. Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу

Мектепте кызматкерлерге толук кандуу иштөө үчүн шарт түзүлгөн.Предметтик кабинеттер лаборатория,усулкана, китепкана,окуу залы,ата-энелер канаасы, ашкана, спорт залы бар.Персоналдардын ден соолугун көзөмөлдөп туруу максатында медициналык кароодон жыл сайын өткөрүлөт. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер мектепке кирүүсү эске алынып пандус коюлган .Ден соолугуна байланыштуу үй шартында 3 окуучу окуйт.Медициналык чечим чыгарылган.

2.4. Педагогикалык, административдик, кенже тейлөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналдын ишин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу

Мугалимдеринин ишмердүүлүгүн мектеп жамаатынын , айыл өкмөтүнүн РБББнын ,кесиптик бирликтин,райадминистрация,Ош билим берүү институту, КРнын Билим берүү Өкмөтүнүн ыраазычылык баракчалары,диплом ,ардак грамоталар,төш белгилери менен бааланат.

Күчтүү жактары:

Мектептин стратегиялык жана учурдагы пландарынын иштелип чыккандыгы.Педагогикалык жамаат үчүн физикалык психологиялык толук жагдайлардан түзүлнөндүгү.Мугалимдер өз убагында өз билимин өткөркүндөтүп турушу .Мугалимдердин жана техкызматкерлердин ишин баалоодо белгилүү механизмдердин болушу жана аткарылышы.Мектеп администрациясынын натыйжалуу башкарууга мүмкүнчүлүк болушу.

Алсыз жактары:

Видео көзөмөлдүн жоктугу.

Сунуштар:

Видео көзөмөл орнотуу.

3.1. Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын, жайлардын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал, актылар залы, медициналык пункт, ашкана), ошондой эле жашоо үчүн тиешелүү шарттары бар жатаканалардын (эгерде болсо) болушу

Мектептин материалдык-техникалык базасы билим берүү мекемесинин милдеттерине жана максаттарына толук жооп берет Мектеп 225 орундуу. Имараттын жалпы аянты 1077,0м кв.Мектептин далпы аянты 2,20 гектар.

Мектеп 2 кабаттан турат.Мектеп 2020-жылы ишке киргизилген .

Окуу класстары 12

Лаборатория 2

Компьютердик класс 1

Спорт зал 1

Ашкана 1

Ата-энелер каанасы 1

Кол эмгек каанасы 1

Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн пандус коюлган .Имарат көмүр менен жылытылат.Бардык кааналар мезгил талабына ылайык жасалгаланган.

3.2. Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)

Санитардык гигиеналык ченемдердин талабына толук жооп берет.Өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча эвакуациялоо планы иштелип чыккан. Мектептин окуу имаратында жана класстарда санитардык нормаларды эске алуунун негизинде жарыктын берилиши термометрлердин колдонулушу ,жылуулуктун ченемдери күн сайын көрүлүп турат.Бардык окуучулар медициналык кароодон өткөрүлүп, ал эми кызматкерлер сан эп.дин уруксаты менен кызматка киришет.120 мөмө -жемиш көчөттү,20 түп балаты,60 түп розв гүл отургузулган.

3.3. Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу

Материалдык техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизми боюнча төмөндөгү иш пландар ишке ашырылат.Өнүгүү планын2017-2022-жж. Чарба иштеринин иш планы.Мектепте техникалык базаны чыңдоо жана ресурстарды тартуу боюнча демөөрчүлөрдүн эмгектеринин аркасында класс кааналары толук жасалгалоодон өттү.ушул иш аракеттердин негизинде окуу кааналары телевизорлор менен камсыздалды.

Күчтүү жактары:

Материалдык техникалык базанын жетиштүүлүгү.Мектеп типтүү .Окуу кааналары жетиштүү. Ашкана спорт зал,китепкана, ата-энелер үчүн ИДН каанасы бар, 10 телевизор, 1 интерактивдүү доска,2 принтер бар .

Алсыз жактары:

Компьютердик класста комптютердин аздгы.Окуу кааналарында проекторлордун жоктугу.

Сунуштар:

Демөөрчүлөрдүн ,айыл өкмөттүн жардамы менен окуу кааналарына проекторлорду орнотуу.

4.1. Финансылык пландоо системасынын болушу

Мектепте каржылоо маселеси боюнча ченемдик укуктук тескөө документтери (жогорудан келген Өкмөттүн токтомдору КРнын эмгек кодексинин)негизинде түзүлгөн.Ишке кабыл алууда талап кылынган документтердин негизинде персоналдар ишке кабыл алынат.Жыл башында бөлүнгөн сааттар боюнча тарифтик тизме түзүлүп,райондук бухалтерияга тапшырылат.Маяналары банк аркылуу өздүк каталарын түшөт.Эгер мугалим ооруп калса,ордуна 

замена сааттары башка мугалимдерге жүктөлүп ,сабактар үзгүлтүккө учурабайт.

4.2. Кошумча финансы ресурстарын тартуу, бөлүштүрүү жана отчеттуулук боюнча ачык-айкын механизмдердин болушу

Материалдык техникалык базаны чыңдоодо жаңы мектептин класс кааналарына демөөрчүлөр тарабынан ар бир класста 15 миң сомдук көрсөтмө куралдар менен жабдылды.Айыл тургундары тарабынан ар бир кожолук 500сомдон акча чогултуп мектептин кампасын курууга жардам берди.Айыл өкмөт тарабынан ашканага кошумча жабдуулар орнотулду.Ал эми "МЕРСИКО"уюму тарабынан  

2022-жылдан 2024-жылга чейин 1-4-класстын окуучуларына ыссык тамак уюштурулуп жатат.

4.3. Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу

Мектептин финансылык ресурстарын чыңдоо үчүн бир топ иштер пландаштырылган.Демөөрчүлөрдү тартуу.Демөөрчүлөрдү тартууда төмөнкүдөй механизмдер иштелип чыккан.Китеп фондун көбөйтүү максатында "Бир ата-эне бир китеп" долбоору.Соц .дүкөн ачуу(муктаж балдарга жардам берүү максатында )Айыл өкмөт менен тыгыз иш алып баруу.

Күчтүү жактары:

 Мектептин стратегиялык пландоо системасынын болушу."МЕРСИКО" уюму менен тыгыз иш алып баруу.

Алсыз жактары:

Демөөрчүлөр менен жылдан жылга иш алып баруунун татаалдашып баратышы.

Сунуштар:

Билим сапатын жогорулатуу максатында демөөрчүлөр менен иш алып баруу.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика