Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Кулжинский р-н,Карагузский а/а,с. Алтын-Кюрек, улица Арзимат Нурматов, 22
Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлер |
Өзүн-өзү баалоонун натыйжалары |
Тастыктоочу база |
2.КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ |
2.1 |
Педагогикалык,административдик ,окутуучу көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумушка алуунун(жумуштан бошотуунун) объективдүү критерийлерин жана шарттарын камсыздоочу механизмдин жана жол жоболордун болушу . |
“Кеңеш” орто мектебинде педагогикалык ,административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумушка алуунун (жумуштан бошотуунун) төмөндөгүдөй механизмдери жана жол жоболору бар: 1.Педагогикалык персоналдарды жумушка алууда “Билим берүү мыйзамына” ылайык квалификациясы жана билими туура келген адистер алынат.Мектеп директору тарабынан комиссия түзүлүп (курамында: мектеп директору,окуу бөлүмүнүн башчысы,тиешелүү усулдук бирикме башчысы,тажрыйбалуу предметтик мугалим жана профком), жаңы кабыл алынып жаткан адистин билим деңгээли текшерилет.Комиссиянын чечими менен билим деңгээли туура келсе мектепке тиешелүү предмети боюнча мугалимдикке кабыл алынып,”Эмгек кодексине” ылайык эмгек келишими түзүлөт.Эмгек келишиминде келишимдин мөөнөтү(белгиленген жана белгиленбеген мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн),тартаптардын укуктары жана милдеттери ,жумуш күнүнүн иш тартиби жана башкалар камтылган.Эмгек келишимине иш берүүчү тарап катары мектеп директору,кызматкер жана мектептин профсоюз уюмунун төрагасы (төрайымы) кол коет. Пенсия курагындагы мугалимдер жаш адистер келбесе бир жылдык мөөнөт менен эмгек келишимине ылайык иштешет.Окуу жылынын аягында (май укомплектованиесинде) кийинки окуу жылына карата педагогикалык персоналдар комплектиленет жана жетишпеген адистер боюнча райондук билим берүү бөлүмүнө маалымат берилет.
|
Мугалимдер менен эмгек келишими. 15-тиркеме,-бетте Техникалык жана кенже персоналдар менен эмгек келишими. 16-тиркеме,-бетте
|
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика