СШ Средняя школа "Кенеш" (с.Насирдин)

Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Кулжинский р-н,Карагузский а/а,с. Алтын-Кюрек, улица Арзимат Нурматов, 22

Автор: СШ Средняя школа "Кенеш" (с.Насирдин) 3 Октябрь 2022 ж. 12:45

1.6

1.6

Кызыкдар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү оңдоолорду киргизүүнүн колдонуудагы механизмдеринин болушу

Кызыкдар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү оңдоолорду киргизүүнүн колдонуудагы төмөндөгүдөй механизмдери бар:

1.6.1 Мектепти өнүктүрүү планын (МӨП,стратегиялык пландоо) иштеп чыгууда билим-тарбия берүүнүн сапатын жогорулатууга кызыктар тараптар болгон ата-энелер комитетинен,мектеп жетекчилигинен,жергиликтүү кеңештин депутаттарынан,көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөлөрүнөн,активдүү окуучулардан,жаштар,өспүрүмдөр уюмунан катышкан мектеп командасы катышкан..Окуу жылында эки жолу мектеп командасы өз отурумунда өнүктүрүү планынын аткарылышы,өзгөртүү жана толуктоолорду киргизип турат.

1.6.2  Мектеп окуучуларынын билим сапатын көтөрүү максатында мектепке керектүү инвентарларды,жабдууларды алууга жана башка материалдык-техникалык базасын чыңдоого,башталгыч класстын окуучуларынын шашке тамагын жакшыртууга коомчулуктан,демөөрчүлөрдөн  тартылган бюджеттик эмес каражаттарды оптималдуу пайдалануу максатында мектептин көзөмөлчүлүк кеңеши түзүлгөн.

Мектептин көзөмөлчүлүк кеңеши Кыргыз Республикасынын                     “ Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” мыйзамына жана ал мыйзамга ылайык иштелип чыккан мектептин “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” жобосунун негизинде түзүлгөн жана иш алып барат.

 

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика