Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Кулжинский р-н,Карагузский а/а,с. Алтын-Кюрек, улица Арзимат Нурматов, 22
1.3 |
Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу жана жооптуу адамдардын түзүмдөрдүн болушу ички актылар толук берилди. Билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарына толугу менен ылайык келет |
“Кеңеш” орто мектебинде билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашырууга жооптуу адамдардын жана түзүмдөрдүн схемасы 12-тиркемеге ылайык түзүлгөн. Мектеп директору мектептин ишмердүүлүгүнүн бардык багыттары боюнча иштерин уюштурат жана орун басарларынын ишин багыт берүү аркылуу координациялайт. Мектепти өнүктүрүүнүн стратегиялык планын,мектептин жылдык планынын аткарылышына жооп берет. Педагогикалык кеңешмеге жана директор алдындагы кеңешмеге төрагалык кылат (директордун негизги аткара турган милдеттери мектептин жылдык планынын жамаат мүчөлөрүнө иш бөлүштүрүүдө камтылган) Мектеп директорунун окуу -тарбия иштери боюнча орун басары мектептеги окуу тарбия иштерин уюштурат жана мектеп окуучуларынын билим сапаты үчүн жооп берет.Мектептин билим сапатын камсыздоо максатында усулдук кеңештин,эксперттик кеңештин ишин уюштурат жана жетектейт.Насаатчылык кеңешинин жана усулдук бирикмелердин ишин багыт берүү аркылуу көзөмөлдөйт. Мектептин класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштурат.Мектептин тазалыгын жана жасалгасын жакшыртат жана көзөмөл жүргүзөт.Мектеп окуучуларынын тарбиясына, тартибине,катышуусуна жана кечигүүсүнө жооп берет.”Манас жаштары” уюмунун,кыздар кеңешинин ишин уюштурат жана көзөмөлдөйт. Башталгыч класстын окуучуларынын шашке тамагын көзөмөлдөө комиссисынын курамында ашкананын ишин көзөмөлдөйт. “Кеңеш” орто мектебинин социалдык педагогу Оморов Сейитбек окуучулар арасында укук жана тартип бузууларды алдын алуу иштерин жүргүзөт.Зордук -зомбулук,рекетчилик,ар кандай майрамдык отуруштар,туулган күн өткөрүү жана башка жат көрүнүштөргө бөгөт коюунун үстүнөн иш алып барат.Социалдык колдоого,коргоого муктаж үй- бүлөнүн балдарын аныктоо,аларга тиешелүү мамлекеттик органдар аркылуу жардамдарды уюштуруу ишин жүргүзөт.Айыл өкмөтүнүн соцкызматкери жана райондук үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана райондук ички иштер бөлүмүнүн жаштар жана өспүрүмдөр менен иштөө инспектору менен тыгыз иш алып барат.Балдар кеңешинин ишин уюштурат, кеңештин жана агайлардын жардамында көчөдө көп жүргөн балдарга түнкү рейддерди уюштурат.Ар кандай укук бузууну,зордук зомбулукту жана тартип бузууларды алдын алуу максатында мектепте ишеним телефону жана ишеним кутучасы уюштурулган. |
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика