Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Кулжинский р-н,Карагузский а/а,с. Алтын-Кюрек, улица Арзимат Нурматов, 22
1.2 |
Билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын, кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн жана өзүн-өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушу |
-“Кеңеш” орто мектебинин 2018-2022-жылдарга карата мектепти өнүктүрүүнүн стратегиялык планы. 2018-2022-жылдарга карата мектептин өнүктүрүү планы 8 адамдан турган мектеп командасы тарабынан иштелип чыкты жана бул планды ишке ашырууга баары бирдей жоопкерчилик алышат.Иштелип чыккан мектепти өнүктүрүү планы педагогикалык кеңешменин кароосуна сунушталып жактырылып,РБББнын башчысы жана мектептин профсоюз уюму менен макулдашылган.Мектеп директору тарабынан бекитилген. Мектептин өнүктүрүү планынын аткарылышын бир жылда эки жолу мектеп командасы өз жыйналышында карайт,өзгөртүү жана толуктоолорду киригизет жана тескеп турат. -“Кеңеш” орто мектебинин окуу жылына карата кабыл алынган жылдык планы.Мектептин жылдык планы окуу жылына карата мектеп жетекчилиги тарабынан иштелип чыгып,№1-педагогикалык кеңешмесине (август айындагы) сунуш кылынат жана талкууланып педкенешменин токтому менен кабыл алынат.Жылдык планды иштеп чыгууда мектепти өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана өткөн окуу жылындагы билим тарбия берүүнүн абалына анализ жүргүзүлүп,жетишкен ийгиликтер жана кемчиликтерди эске алуу менен түзүлөт.Жаңы окуу жылына карата мектептин жылдык планында мектеп жамаатынын ишмердүүлүгүнүн негизги приоритеттүү багыттары жана милдеттери аныкталат.Ошол кабыл алынган негизги багыттар жана милдеттерге ылайык педкеңешменин,директор алдындагы кеңешменин,усулдук кеңештин,ОББнын,организатордун, профкомдун, усулдук бирикме башчысынын,соцпедагогдун,насаатчылык кеңешинин,этикалык комиссиянын жылдык пландары түзүлөт. Мектептин жылдык планында төмөндөгүлөр камтылган: 1.2022-2023-окуу жылындагы мектеп жамаатынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары,милдеттери жана жаңы окуу жылына карата мектеп жамаат мүчөлөрүнө иш милдеттеринин бөлүштүрүлүшү; 2.КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы; 3. Кадрлар менен иштөө; 4.Окуу- тарбия иштерине жетекчилик; 5.Класс жетекчилер тарабынан аткарыла турган иштер; 6.Жаштар-өспүрүмдөр менен иштөө 7.Ата- энелер комитети менен байланышта иштөө; 8.Материалдык-техникалык базаны чыңдоо,мектепти жашылдандыруу жана көрктөндүрүү багытында аткарылуучу иштердин планы. |
10-тиркеме , -бетте
11-тиркеме, -бетте
|
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика