Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Кулжинский р-н,Карагузский а/а,с. Алтын-Кюрек, улица Арзимат Нурматов, 22
3.3 |
Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу мотивациялоо системасынын болушу |
Мектепте педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу жылынын башында перспективдүү план кабыл алынат. Ар бир окуу жылынын башталышында мугалимдердин кесиптик ѳздүк курамы такталып , отчет берилип турат. Мектепте 22 мугалим эмгектенет . 86.4% жогорку билимдүү 100% өзүнүн адистигине жараша комплектелген . Ар бир окуу жылынын башталышында Райондук Билим берүү бѳлүмүнѳ мектептин квалификациясын жогорулатууга муктаж мугалимдеринин тизмеси бекитилип берилет. Областтык билим берүү институтунун квалификацияны жогорулатуу семинарларынын графигине киргизилип мугалимдер квалификациясын жогорулатып келишет. 2016-2017-окуу жылында 15% 2017-2018-окуу жылында 20% 2018-2019-окуу жылында 25% 2019-2020-окуу жылында 37% 2020-2021-окуу жылында 30% мугалимдер өздөрүнүн кесиптик квалификациясын жогорулатууга барып келишкен. Мектептин мугалимдеринин кесиптик квалификациясын жогорулатуу үчүн беш жыл сайын жиберилет, андан сырткары тренингдерге , кыска мөөнөттүү квалификациясын жогорулатуучу окууларга барышат. Мектептин мугалимдеринин кесиптик квалификациясы боюнча камсыздалышы 100%ды түзөт. |
Күчтүү жактары:
|
- Мектепте жума сайын өз билимин өркүндөтүү боюнча тренинг, семинарлар өткөзүлүп турат. Бардык мугалимдер активдүү катышып талкуу жаратып,жаңы идеяга ээ болушат. |
Алсыз жактары: |
Окуучулар үчүн атайын спорт зал жоктугунан дене тарбия сабагында мезгилдик оюндарды ойнотууда кыйынчылыктар көп болот. |
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика