СШ Средняя школа "Кенеш" (с.Насирдин)

Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Кулжинский р-н,Карагузский а/а,с. Алтын-Кюрек, улица Арзимат Нурматов, 22

Автор: СШ Средняя школа "Кенеш" (с.Насирдин) 29 Сентябрь 2022 ж. 10:04

1.4

1.4

Билим берүү программасынын жана окуу методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында  кызыктар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоону колдонуудагы механизмдин болуш

Мектепте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө, Мугалимдин статусу жөнүндө, мыйзамдары, билим берүү  программаларын ишке ашырууда жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү  стандарты, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктары, билим берүү уюмдарынын иштерин жөнгө  салуучу иш укуктук-нормативдик актылары, мектептин Уставы жетекчиликке алынып, окуучуларга сапаттуу билим берүү  артыкчылыктуу мааниге ээ. Билим берүүнүн  сапатын көтөрүү  үчүн бардык шарттар көрүлөт. Райондук билим берүү  бөлүмү, айыл өкмөтү жана ата-энелер коомчулугу менен бирдикте мектептин материалдык – техникалык базасын чыңдап, окуу мебелдери, окуу китептери, усулдук колдонмолор жана компьютер, интерактивдүү  такталар менен жабдуу үчүн бир катар иштер жасалган.Аталган иш-аракеттердин бардыгы педагогикалык кеңештерде, камкорчулар кеңеншинин отурумдарында жана ата-энелер чогулуштарында жүргүзүлгөн сурамжылоо, анкета, тестирлөө жүргүзүү  аркылуу ишке ашырылат. Камкорчулар кенешинин иши алгылыктуу жүрүүдө жана жасалган иштер боюнча маалымат өз убагында берилип, ачык айкын мектеп залына илинет

Күчтүү жактар:

  • Мектепте тажрыйбалуу, компитенттүү мугалимдердин болушу;
  • Мектептин жетишкендиктеринин арбын болушу;
  • Бүтүрүүчүлөрдүн Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн ЖОЖ билим алуусу;
  • Окуучулардын райондук олимпиадалардагы ийгиликтери жана ага карата даярдоодогу мугалимдердин тажрыйбасы;
  • Окуу процессине кызыкдар болгон ата-энелердин көбөйүшү ;
  • Окуучулардын 90% окуу китептери менен камсыз болушу;
  • Окуу-тарбия иштеринде жаны технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү.

Алсыз жактар:

  • Методикалык китептердин жана көркөм адабияттардын аздыгы
  • Актовый залдын жоктугу

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика