СШ Средняя школа "Кенеш" (с.Насирдин)

Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Кулжинский р-н,Карагузский а/а,с. Алтын-Кюрек, улица Арзимат Нурматов, 22

Автор: СШ Средняя школа "Кенеш" (с.Насирдин) 28 Сентябрь 2022 ж. 16:41

2.6

2.6

Коопсуз өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйросүн камсыздоо, билим берүү процессинде

 ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу

Мектепте окуу бөлмөлөрү,окуу залдары кышкысын жылуу.

Окуучулардын билим алуусуна жана мугалимдердин иштөөсүн жетиштүү шарттар түзүлгөн.

Стратегиялык планда каралган балдардын коопсуздугун көзөмөлдөө  максатында мектепте ар бир класска  видео  көзөмөл орнотулган.Мектептин ашканасы капиталдык ремонттон өткөрүлүп, Бириккен Улуттар Уюмунун  (БУУ) азык-түлүк программасына кирип керектүү ашкана жабдуулары  менен камсыз болду. Бүгүнкү  күндө           1-4- класстардын окуучуларына ата-энелер жана мамлекет тарабынан  ысык тамак берилүүдө. Мектеп ашканасында толугу менен талапка ылайык шарттар түзүлгөн.  Жылуулук системасы толугу менен          камсыздалган.Абанын тазалыгы камсыздалып,нымдуу  уборкалар жүргүзулүп турат. Тыныгуу убагында желдетүү иштери аткарылып турат.Жугуштуу ооруларды алдын –алуу максатында залалсыздандыруу уборкалар жасалып, өздүк гигиенаны  сактоо  максатында  ар  бир  бала антисептик .маска  жана бир жолку  кол  аарчылар менен камсыз болушкан. Сергек жашоо образы боюнча класстан тышкаркы иштер өтулуп турат. Окуучулардын гигиенасын сактоого бардык шарттар түзүлүп,таза суу  да  киргизилген.  Медицина  кызматкерлери менен тыгыз байланышта болуп, убак -убагы менен иш алынып барылат.

 

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика