Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Кулжинский р-н,Карагузский а/а,с. Алтын-Кюрек, улица Арзимат Нурматов, 22
1.2 |
Окуу - методикалык билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү |
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык иш алып баруу менен “Кенеш” орто билим берүү мектебинин билим сапатын камсыздоо максатында 2019-жылдын 19-августунда№1 Педагогикалык кенешмеде бекитилген мектептин өнүгүү планында (стратегиялык план 2018-2022-о.ж.) жана учурдагы окутууну жана тарбиялоону жакшыртуу планында (ОТЖП) мектептин миссиясы жана максаттары чагылдырылган. Мектепти жана кызыктар тараптарды өзүн-өзү баалоонун жыйынтыктары менен кошумча талаптар керек экендигин эске алуу менен МӨП(страт. планга) киргизилген, ал эми толуктоолор ОТЖПда жыл сайын анализделип киргизилип турат. Педогогикалык кенештердин жана өндүрүштүк кенешмелердин маселелери талапка ылайык , зарыл деп табылган маселелер менен алмашылып турат.Мектептин миссиясы :« Мектептин окуу материялдык, техникалык базасын чындоо менен окуучуга сапаттуу билим беруу жана мекенчилдике тарбиялоо. »Мектептин максаты:“ Ар бир окуучунун табигый мүмкүнчүлүктөрүн шыгын жөндөмүн аныктоо жана билим берүүдө прогрессивдүүтехнологияларды пайдалана менен окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу“Мектептин миссиясы менен дал келген жана мамлекеттик билим беpүү стандарттарынын талаптарына ылайык так аныкталган билим беpүү максаттары иштелип чыккан:Курагына, жынысына, этностук, диндик белгилерине, жашаган жерине, акыл-эс жана дене бой өнугүүсүнө,социалдык-экономикалык статусуна ж.б. карабастан, сапаттуу негизги жалпы жана жалпы орто билим алууга мүмкүнчүлүк берүү;Мектепте 10 жана 11-класстардын базасында профилдик баскычка өтүү жана негизги жалпы билим алган ар бир окуучуга адистикти тандоо мүмкүнчүлүгүн түзүү;Мектепте социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү;Мектепти жогорку квалификациялуу адистер менен камсыз кылуу;10-11-класстарда кесипке багыт берип окутуу пландаштыруу.Мугалимдердин билимин, кесипкөйлүүлүгүн жогорулатуу максатында билимин өркүндөтүү курстарында окутулат.Окутуу программасынын алкагында эффективдүү иш алып баруу үчүн окуу-методикалык комплекс иштелип чыккан. Нормативдик жана окуу методикалык иш кагаздары менен иш алып баруу жакшы жолго коюлган:-мамлекеттик билим берүү стандарты; - жумушчу окуу планы; -жумушчу окуу программасы; -тематикалык пландар; Мектептин ишинде окуу жана методикалык адабиятттар кеңири колдонулат:-инструкциялык карталар, сөздүктөр; -көрсөтмө куралдар; -окутуунун техникалык каражаттары жана практиаклык ишмердүүлүгү үчүн атайын каражаттар.2022-2023-окуу жылында окуучулардын саны 161, алардын ичинде кыз балдар -76. Улуттук курамы боюнча кыргыздар -100%, Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулардын саны -0 Билим берүү уюму кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө карата төмөнкү структуралык бөлүктөр менен иш жүргүзөт:Педагогикалык курам; -Тех.персонал; -Окуучулардын курамы; -Ата-энелер комитети; -Коомчулук.-Көзөмөлчүлөр кеңешиКызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында мектепте математика жана кыргыз тили предметинен мугалимдин ишмердүүлүгүнүн негизинде ЖРТга окуучуларды жигердүү даярдоо бүгүнкү күндө 2ден ашуун окуучу медициналык академиянын студенттери болуп эсептелет. Алды Турция, Кытай,Корея өлкөлөрүнөнөн билим алып жатышат. |
-тиркеме , -бетте-тиркеме, -бетте |
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика