СШ Средняя школа № 77 имени Хамзы

Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Шаркский а/а,с. Шарк, улица Парпиева, 11

Автор: СШ Средняя школа № 77 имени Хамзы 19 Сентябрь 2022 ж. 20:13

2021-2022-окуу жылында жүргүзүлгөн тарбия иштер боюнча анализи.

Окутуунун жалпы проблемасы:

 

         «Ар бир окуучунун жекече өзгөчөлүгүн эске алуу менен окутуу жана дифференциялаштыруу».

 

       Жалпы проблеманын үстүндө иштөөдө «Таланттуу балдардын жөндөмүн өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөдө» мектептин ички проблемасы кабыл алынган жана анын үстүндө иштөө үчүн мугалимдерге милдеттендирилген,ошондой эле жаңы окуу жылынын башында ал проблемага жараша милдеттер төмөнкүдөй коюлду:

1.Окутуунун жаны технологияларын иштеп чыгуу (инновациялык окутуу)

 2.Чыгармачыл мугалимдердин таланттуу балдар менен иш жүргүзүүсүн күчөттү.

 3.Манастын жети осуятынын багыттары боюнча плакаттар,кабинеттердеги көргөзмө куралдар,дидактикалык материалдар менен жабдуу ,жашылдандыруу жана жасалгалоо.

4.Окуучулар менен эстетикалык ,спорттук жана экологиялык тарбия иштерин улантуу.

5.Кыргыз фольклордук чыгармалар аркылуу окуучуларга элдик педагогиканы таанытуу.

6.Окуучулардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу.

7.Окуучулардын кызыгуусуна жараша билим берүүнүн багытын өнүктүрүү.

 8.«Суу ,санитария жана гигиена»проектисин ишке ашыруу жана андан ары улантуу.

Мектепте класстан сырткаркы таалим-тарбия иштеринин тийиштүү деңгээлде жүргүзүлүшү үчүн атайын иш-чаралардын иш-планы түзүлдү.Окуу убактысы белгиленип ,класстар эки сменага бөлүштүрүлдү.Ар бир кабинетке экиден класс 1-2-смена боюнча берилди.Класс жетекчилер өз предметине жараша ар бир класска бекилди.Класс жетекчилер тарабынан окуучулар жөнүндө жалпы маалымат алынды.Ар бир окуу жылына ылайыкталган класс жетекчинин журналы таркатып берилди.

     Таалим-тарбия иштерин жүргүзүүгө багыт берүүчү журналдагы бөлүмдөр класс жеткечилер тарабынан толтурулду.Мугалимдер 9 багыт боюнча журналдарды толтурушуп,тарбиялык сааттарды өтүп турушту.Тартиби оор балдар мектеп каттоосуна алынды.Ошондой эле профилактикалык кеңеш түзүлүп, анын иш планы бекитилди.Сабакты көп калтырган ,турмуш шарты оор, окууга кызыгуусу жок окуучуларды мектепке тартуу максатында ,билимдерин өркүндөтүү жаатында «Байкоо жүргүзүү»журналы ачылып,мектеп директору ,тарбия иштери боюнча директордун орун басары ,педагог-психолог жана мугалимдер тарабынан жүрүш өткөрүлдү.

    Класстык тарбия сааттары мектептин окуу расписаниеси коюлуп, класстан тышкаркы жүргүзүлүүчү иш-чаралардын болжолдуу темалары кабыл алынды. 

     Жыл ичинде мектепте тартип,тазалык,форма,жетишүү,катышуу ж.б. окуучулардын иш-чараларын көзөмөлдөп туруу үчүн күзөт графиги бекитилди. Коопсуздук-техникалык эрежелерин сактоо боюнча директордун чарба боюнча орун басары Шокиров Хотамжон тарабынан   окуучуларга  маалыматтар берилди. 

     Мектептеги жана класстардагы өзүн-өзү башкаруусунун курамы түзүлдү жана алардын алып баруучу иш-чаралары пландаштырылды.Окуучулардын бош убактысын туура пайдалануусу үчүн атайын кружоктор ачылды.

   Мектеп кабинеттеринин тазалыгы ,эстетикалык көркөмдүгү текшерилип,жылуулануусу колго алынып,класстык бурчтар жаңыланып,кошумча графаларды кошуу менен чыгарылды.Мектеп ичиндеги тазалык,тартип, балдардын формасына талап, мебелдердин сакталышы,китептердин абалы,класстан сырткаркы иш-чаралар,класстык таалим-тарбия иштерин көзөмөлдөө болуп,мектеп иштерин жакшыртуу иш-аракеттери жүргүзүлдү.

     Мектеп парламенти тарабынан «Кызамык жана кызылча»оорусуна каршы күрөшүү. «Таза тиш», «Бруцеллёзду алдын алуу» , «Самын менен дос бол», «Насывай жана анын зыяндуулугу»сабактарынын пландары түзүлүп ,1-11-класстар арасында ден соолук сабактарын өткөздүк.

     Даталуу күндөр да өз деңгээлинде уюштурулуп: «Билим күнүнө» арналган салтанаты, «Эне тилим сыймыгым» мамлекеттик тилинин бир айлыгы, «Мугалим – мөмөлүү дарак» салтанаты, «Алтын күздүн берекеси»конкурсу, «Табият менен таттуу мамиледе болуу»экологиялык акциясы, «Билимдүүгө дүйнө жарык» таланттуу балдардын райондук олимпиадада предметтер боюнча окуучулардын жеңиши жана жаңы жылды тосуу салтанаттары кызыктуу ,профессионалдык жактан жогорку деңгээлде өткөрүлдү.Бул конкурстарга,майрамдарга,конференцияларга,акцияларга мугалимдер ,окуучулар активдүү катышып,өз каалоо-сунуштарын билдире ,көрсөтө алышты.

   Жаз мезгилине карата ишембиликтерди өткөрүү салтка айланды.Мектептин айлана –чөйрөсүн жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, жаш көчөттөр тигилди.

  уюштуруучу тарабынан түзүлгөн иш-пландын негизинде «Сейтек»уюмунун класс жетекчилери сүрөт көргөзмөлөрүн,ачык тарбиялык сааттарын уюштурушту. «Семетей»уюмунун класс жетекчилери Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушууларды,диспуттарды,буклет жасоо боюнча тапшырма алышты. «Манас»уюмунун класс жетекчилери окуучулар менен чоң масштабдагы «Улуу жеңишке -76 жыл», «Мекеним Кыргызстан»деген темада реферат жазуу,жолугуушуларды,кече өткөрүү боюнча көрсөтмө алышты.

 Окуучулардын санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышы боюнча сан.бюллетень уюшулуп,окуучулар арасында «Кызылча жана кызамык» «Кургак учук», «Гепатит А» жана «СПИД-ХХI кылымдын чумасы» темасында жат жазуулар жана дилбаяндар жазылып,эн мыкты иштер линейкаларда окулуп турат.2 «а»класс «Таза тиштер»,4 «а»класста «Өздүк гигиена» деген темада ачык сабактар өткөрүлдү.

   Жумалык линейкалар өз убагында өтүлүп,дежур класстардын отчеттору талкууланып,өзүн-өзү башкаруу системасы парламент иштери алгылыктуу журуп жатат.

«Акыркы коңгуроо»салтанатына мектеп администрациясы окуучулар менен кызуу даярданып, салтанат жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

«1-Июнь—балдарды коргоо күнү» иш-план боюнча мектеп администрациясы тарабынан уюштурулуду.

  Окуучулар мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү аякташты.Мектеп окуучуларынын ата-энелери тарабынан жайкы эс алуусу туурасында маалымат алынды.Окуу-тарбия иштери боюнча пландалган иштердин бардыгы өткөрүлдү.Мектеп ремонту ийгиликтүү ,өз убагында бүттү деп ойлойм.Мектеп окуучулары келечекте биздин кылымдын татыктуу кадрларынан болушуна мектеп администрациясы көмөк көрсөтө бермекчибиз жана жаңы окуу жылына коюла турган максаттар төмөнкүлөр:

   1.Кылмыштуулукту болтурбоо иш-чараларын күчөтүү.

   2.Ата-энелер менен тыгыз байланышта болуу.

   3.Укуктук тарбия берүү боюнча инновациялык методдорду колдонуу.

   4. Мектептин материалдык –техникалык базасын чыңдоо.

   5. .Мектептин ички жана сырткы тазалыгын сактоо.

   6.Мектептин сырткы бөлүгүнө капиталдык ремонт өткөрүү.

   7.Класстык бөлмөлөрдү,парламентти мебель менен камсыздоо.

   8.Парламент бөлмөсүнүн эшик-терезесин решеткалоо.

   9. «Кыздар кеңешинин» ишин күчөтүү, «Тобокел» тобундагы балдардын ата-

     энелери менен тыгыз байланышты болуу жана алардын санын азайтуу.

  10.Мектептин материалдык -техникалык базасын чыңдоо үчүн гранттар менен иш алып баруу

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика