СШ Средняя школа № 77 имени Хамзы

Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Шаркский а/а,с. Шарк, улица Парпиева, 11

Автор: СШ Средняя школа № 77 имени Хамзы 18 Сентябрь 2022 ж. 17:36

Кыргыз тилинен ачык сабактын иштелмеси.

I .Сабактын темасы:

I.“Зат атооч” (Энчилүү жана жалпы аттар; жөндөмөлөр жөнүндө

түшүнүк);

II. Кыргыз элинин оозеки чыгармаларынан: “Кожожаш тууралуу

уламыш”

II. Сабактын тарбия берүүчүлүк максаты: Кыргыз Республикасында

мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн

стратегиясына таянып студенттерди тарбиялоо.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын

негизинде, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук

стратегиясынын жана Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана

этностор аралык мамилени чыңдоо үчүн сабактар аркылуу ишке ашыруу.

Кыргызстанда жашаган башка улуттардын өкүлдөрүнө кыргыз

тилинде окуу, жазуу жана ой жүгүртүүнү талап кылуу.

Кыргыз тилиндеги тексттер жана лексиканы байытуу ошондой эле

макал лакаптардын негизинде студенттердин дүйнө таанымын, турмуштук

көз караштарын калыптандыруу. Байыртан сөз багып келген улуу көсөм

акылмандардын мурасын сыйлоо менен кийинки муундарга жеткирүү жана

эстетикалык идеяларды өздөштүрүшүн камсыз кылуу. Табиятты таанып

билүү менен аларды сактоо, жаратылыштын байлыгын коргоо, айлана –

чөйрөгө туура мамиле жасоого үндөө, экологиялык проблемаларды терең

түшүнүп аларга кайдыгер карабоого тарбиялоо.

III. Сабактын билим берүүчүлүк максаты:

Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгындагы өзгөчө жанрлардын мифтерге

жана уламыштарга көңүл буруу: оозеки чыгармалардын ичинде ээлеген орду,

алардын топторго бөлүнүшү, башка жанрлар менен (тамсил – легенда)

байланышы.

Миф жана уламыштардын келип чыгышы, алардын өнүгүшүнө диндин

тийгизген таасири, эки жанрдын окшоштуктары, айырмачылыктары,

бөтөнчүлүктөрү.

IV. Сабактын өнүктүрүүчүлүк максаты:

Илим менен практиканын ортосундагы байланышты камсыз кылуу,

логикалык ой жүгүртүүсүн калыптандыруу, колдонулган лексиканын

негизинде сөз байлыгын өстүрүү, таанып билүү ишмердүүлүгүн байытуу.

Студенттердин окууга жана таанып билүүгө кызыгууларын өнүктүрүү

максатында сабактын жүрүшүндө кызыктыруучу жагдайларды түзүү:

кызыктуу сүрөттөдү, оюндарды, карточкаларды пайдалануу.

V. Сабактын методикалык жактан жабдылышы:

А. 1) Иш - план;

2) Лексико – грамматикалык минимум;

Б. 1) Кыргыз элинин мифтери жана уламыштары тууралуу китептер;

2) Плакаттар;

3) Карточкалар;

4) Видео жана аудио тасмалар;

VI. Кыргыз тил сабагы башка тармактар менен байланыштары:

Кыргыз адабияты, тарых, география, психология, философия, дин таануу,

маданият таануу менен тыгыз байланышта.

VII. Колдонгон адабияттар (авторлор жамааты):

1.Ройтер А.Д., Төрөгелдиева Б.М., Шорин С.С. “Гуманизм аркылуу –

тынчтыкка” Бишкек 2002;

2. Байжигитов К. “Кыргыз элинин мифтери, легендалары” Ф. 1985 ж.;

3. Дыйканбаева К. “Кыргыз уламыштары” Б. 2005 ж.

VIII. Сабактын планы:

1.Уюштуруу учуру – 7 мүнөт;

2. Өтүлгөн теманы кайталоо – 15 мүнөт;

Кыргыз элинин оозеки чыгармаларында өзгөчө орунду ээлеген дидактикалык

чыгармалар: макал, лакаптарды кайталоо; (“Манас” эпосунун каарманы –

Гүлчоро жөнүндө “синквейн” методун колдонуп мүнөздөмө түзүү). 

IX.

3. Жаңы теманы түшүндүрүү – 30 мүнөт;

4.Зат атооч – 20 мүнөт;

5.Жыйынтыктоо – 10 мүнөт;

6. Үй тапшырма – 5 мүнөт

7. Баалоо – 2-3 мүнөт;

X. Сабактын жүрүшү:

1. Уюштуруу учуру

Саламатсыңарбы.

Бүгүнкү сабагыбыз күндөгү сабактардан

өзгөчөлөнүп турат, себеби, биз бүгүн меймандарды тозуп отурабыз.

Конокторду тоскондо, кыргыз элинин салты боюнча эмне деп айтышы

зарыл? (Куш келипсиз)

XI.Бүгүнкү сабагыбыздын максаты:

1. Зат атооч жана жөндөмөлөр жөнүндө түшүнүк;

2. Кыргыз элинин оозеки чыгармаларынан: “Кожожаш тууралуу

уламыш”

XII. Өтүлгөн теманы кайталоо.

Биз Сиздер менен өткөн сабакта дидактикалык чыгармалар: макал,

лакаптар тууралуу сөз козгогонбуз. (Учкул сөздөр)

Суроо: 1. Макал деп эмнени айтабыз? (Студенттерден мисалы

менен кошо айтылышы күтүлөт).

Жооп : “Макал – бул адамдардын турмуштук тажрыйбаларынан

алынган, тарбиялык мааниси терең ойду бүтүрө айткан кыска

поэтикалык сүйлөмдү айтабыз.

Мисалы: “Улук болсоң”, кичик бол, “Сабыр түбү – сары алтын” .

ж.б.

Суроо: 2. Лакап деген сөздү кантип түшүндүрөсүздөр?

Жооп: Лакап – бул кандайдыр бир окуянын негизинде же адамдын

жүрүм – турумунун, мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүн жыйынтыктап так,

элестүү кылып берген өзүнчө чечилүүчү тарыхы бар, көбүнчө

каймана мааниде айтылган кыска сүйлөмдү айтабыз.

Мисалы: “Ала -Тоонун шумкарларындай” ж.б.)

XIII. Теманы түшүндүрүү (Жалпы түшүнүк – зат атооч: жекелик,

көптүк сан, жөндөмөлөр. Студенттер жазып алышат. Андан кийин

кыргыз элинин оозеки чыгармалары жөнүндө ой жүгүртүү

Кыргыз элинин макал, лакаптары элдик

оозеки

чыгармачылыктын көөнөрбөс байлыгы.

Элибиздин

маданиятынын көрөңгөсүн түзгөн каада – салт, үрп – адаты,

уламадан уланып, ооздон - оозго өтүп келген бай мурасынын түпкү

теги мифтер жана уламыштар менен өзөктөш. Биздин бүгүнкү

сабактын темасы: Зат атооч жана Кыргыз элинин оозеки

чыгармаларынан: “Кожожаш тууралуу уламыш”.

Окутуучунун сөзү:

Кайсы гана элдин адабиятын албайлы, анда ал элдин байыркы аң

сезиминин даража – деңгээлин бир кыйла чагылдырып көрсөтө

алган миф, уламыштар деген илимий аталыштагы баяндарды

жолуктурбай коё албайбыз. Алсак, дүйнөлүк деңгээлге чейин

көтөрүлө алган Грек, Индия мифтери баарыбызга маалым.

Суроо: Ал эми миф деген терминди кимиңиздер кандай

түшүнөсүздөр.

Жооп: Байыркы адамдардын жашоосун, аң сезимдерин, табияттын

өзгөчөлүгүн элестеткенге мүмкүнчүлүк берет.

Демек, миф - бул жаратылыштын кубулуштарын, көрүнүштөрүн

фантастикалык сүрөттөөлөр менен түшүндүрүү. Мифтер элдин

дүйнө, коом жөнүндөгү түшүнүктөрдү, ишенимдерди, көз

караштарды камтыган.

Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы тарыхый өсүшүн

негизинде мифтер көп темаларды камтып келет:

1. Сыйынуу тууралуу мифтер.

Ал төрт баскычтан турат:

(1) Баскыч – Теңир. Теңир жараткан деген жана турмуштук

айрым окуяларды, көрүнүштөрдү да Теңир менен айрыкча

байланыштырып келгендиги Орхон – Енисей эстеликтери

ырастайт.

Суроо: Теңир деп мурда уккансыңарбы, аны кандайча

түшүндүрүп бере аласыздар?

Жооп:

“Момундун ишин Теңирим колдойт”, “Теңир

жалгасын”

(2) Баскыч. Умай эне – аял катары сүрөттөлөт.

Суроо: Эмне үчүн элибизде:- “Менин колум эмес, Умай

эненин колу” деп айтылат билесиздерби?

Умай эне тууралуу кандай мифтерди билесиздер?

(3)Баскыч. Жер – сууларга сыйынуу.

1.Сиздер кандай ойлойсуздар, эмне үчүн “жер эне” дешип

жерге, сууга сыйынышкан?

Төмөнкү сүйлөмдөрдүн маанисин кандай чечмелеп

бересиздер?

-Киндик кан тамган жер, алтындай көрүнөт.

(4)Баскыч. Ата – бабалардын арбагына сыйынуу. Элибизде

дүйнөдөн өтүп кеткен адамдар тиги дүйнөдө да бизди колдоп

турат деген ишеним бүгүнкү күндө да жашап келе

жаткандыгы баарыбызга маалым. Айта кетсек, ата бабалардын

арбагына багыштап куран окутуу.

Ушул жогоруда айтылган төрт баскыч диний мифологиялык

элес (образ) катары иштелип чыккан. Теңир байыркы аң –

сезимде жогортон , асмандан бийлик жүргүзсө, Умай – эне

жер – суу, ата бабалардын арбагын коргоо касиетине ээ деп

эсептөө менен алардын айкалышкан биримдигин түшүнүү

менен сыйынып келишкен. Аталган шарттуу түрдөгү төрт

баскычтан тышкары жаратылыштын кубулуштарын,

касиеттерин толук түшүнүүгө аракеттенишкен. Натыйжада

алар отко, сууга, кутка ж.б. табынышкан.

Кыргыздардын ишеними боюнча “кут” түндүктөн кара кочкул

же кызыл өңдөгү нерсе катары көктөн түшүп , ал үйдүн ээсине

ченемсиз бакыт алып келет.

Суроо: Төмөнкү сүйлөмдөрдү кандай чечмелеп бере

аласыздар:

1. Жакшы аял – үйдүн куту.

2.Канча бут кирсе, ошончо кут кирет

Жаныбарлардын ээси тууралу мифтер.

Көчмөн элге мүнөздүү болгон мал чарбачылык кесип элдин аң

– сезиминде, көркөм ойлоосунда зор из калтырган. Алардын

негизги билгилеринин бири малга сыйынуу болгон.

Малдардын этин, терисин, жүнүн, сүтүн жана сөөктөрүн

бейтап адамдарды дарылоо үчүн колдонушуп, ошондой эле

кооздук, көркөмдүк үчүн тагынып жүрүү адаты болгондугу 

талашсыз. Байыркы кыргыздардын түшүнүгү боюнча айрым

Жер, Суу, Жаныбарлардын ыйык ээлери болгон.

Мисал: койдун пири – Чолпон ата, уйдуку - Зеңги баба,

жылкыныкы – Камбар ата;

Ал эми тарыхый өнүгүшү боюнча мифтерден кийин

УЛАМЫШТАР тууралуу сөз козгоо орунду. Узак убакыттын

өтүшү менен коомдук аң – сезимде айлана – чөйрөнү,

жаратылышты таанууда реалду тарыхый бир окуяга таянуу

аркылуу уламыштар келип чыккан. Уламыш – байыркы грек

тилиндеги “legend” деген сөздөн алынып, орус тилине легенда

дегенди билдирет.

Уламыш – өткөн мезгилдин иш – аракеттери, жер – суунун

аталышы, келип чыгышы тууралуу көркөм баян.

Уламыштарды темасына жараша төмөндөгүдөй бөлүштүрүүгө

болот.

1. Улут, уруунун аталышын түшүндүргөн уламыштар.

2. Мисалы: “Кыргыз” деген сөздү чечмелөөдө бир канча

уламыш бар.

3. 2. Жер – суулардын аталышы тууралуу уламыштар.

Азыр болсо “Кожожаш” аттуу уламышка көңүл буралы.

Окутуучу китептин 13 бетин ачкыла деп сунуштайт,

уламышты окуп, которуу деген тапшырма берилет.

(Уламышты окуп бүткөндөн кийин, студенттер өз ой

пикирлери менен алмашышат: адам баласына болобу,

айбанаттарга болобу эч качан жаман кадам таштабашы

керек. Кажети жоксуз айбанаттарды кырып салуу туура

эмес, адамдын көкүрөгүндө аяр мамиле болушу зарыл,

жаратылышты жана экологияны сактоо тууралу ой пайда

болууда).

Алар иштеп жаткан учурда орус тилдүү студенттердин

тапшырмасына көңүл буруп иштей баштат (алдын ала

карточкалар таркатылган; карточкаларда тапшырмалар

жазылган, ошол тапшырмаларды аткара башташат)

Жыйынтыктоо . Демек, биз сиздер менен кыргыз элинин

уламыштары жана мифтерине көңүл буруп кеттик.

Жыйынтыктап айтканда, кыргыз элинин уламыштары

адамгерчиликке, гумандуулукка, жаратылышты коргоого,

аяр мамиле кылууга үндөп, жаш муундарды тарбиялайт.

Үй тапшырмасы.

Баалоо.

Окутуучунун кайрылуусу: баардыгыңарга чоң ырахмат,

абдан жакшы иштеп чыктыңар! Эми эс алгыла. Жакшы

барыңыздар! Көрүшкөнчө, балдар!

 

 

 

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика