НСШ Неполная средняя школа имени "Х.Сабирова"

Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Халмионский а/а,с. Халмион, улица Рахмидин Шерматов, 94

Автор: НСШ Неполная средняя школа имени "Х.Сабирова" 17 Сентябрь 2022 ж. 15:03

Жакшылыкка ачылган- жарык жол! 1-сентябрь "Билим күнү"

1-сентябрь "Билим күнү"нө карата Х.Сабиров атындагы толук эмес орто мектебинде иш-чара өткөрүлдү

Жыл айланып ,окуучулар сагынып күткөн ак мектеп кучагын жайып тосуп алды.Мектеп окуучуларынын кубанычы чексиз. Айрыкча, мектеп босогоосун биринчи жолу актап өткөн 1-класс окуучулары өзгөчө кубанычта.
Салтанаттуу аземде 473 окуучу, 32 мугалим, жумушчу-кызматчы жана ата-энелер катышты.Аземде  Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнөн Абдылазиз Сарымсаков, Халмион айыл өкмөтүнүн салыкчысы Махаматысак Матраимов, Халмион АИБнын улук МУУ милициянын капитаны Довлатбек уулу Акжолбек, Кадамжай ЦОВП ГСВ №11 клиникалык башчысы Муратбек. Мамажонов конок болушту. Салтанаттуу азем башталып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни угулду.
Мектеп директору Матмусаев Даврон Маширапович катышуучуларды майрам менен куттуктап, жаңы 2022-2023-окуу жылында окуучуларга терең билим алуусун жана окууда ийгиликтерге жетүүсүн айтып өттү. Иш-чараны маданият тобунун жетекчиси Ш.Мусаева алып барды. 
Мектептин 9-жана 1- класстарынын катышуусундагы эгемендүүлүктү, өлкөнү ырдаган ырлар, бийлер аземге өзгөчө көрк берди. 
Райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү Абдылазиз Сарымсаков сөз алып, катышуучуларды эгемендүүлүк майрамы жана жаңы окуу жылы менен куттуктады, чоң ийгиликтер каалады. Айрықча, мектеп мугалимдерин, окуучулардын сулуу жана талап даражасындагы мектеп формаларын өзгөчө баалап кетти. 
Окуу бөлүм башчысы Г. Мадалиева сөз алып, окуу процесси боюнча маалыматтар берди. 
1-класска кабыл алынган окуучулар жана 9-класс окуучулары тарабынан "Биринчи коңгуроо" жаңырды. 
Салтанаттуу азем Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни угулушу менен аяктады.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика