СШ Средняя школа № 77 имени Хамзы

Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Шаркский а/а,с. Шарк, улица Парпиева, 11

Автор: СШ Средняя школа № 77 имени Хамзы 15 Сентябрь 2022 ж. 11:49

Англис тили усулдук бирикмеси

англис тили бирикмесинин программасынын башкы максаттары: Сабакты турмуш менен байланыштырып, инновациялык технологиялардын жардамы менен окуучуларды предметке кызыктыруу, окуучуларга сапаттуу жана ар тараптуу гуманитардык билим алууга шарт түзүп берүү, стандарттык эмес сабактарды өтүү менен сабактын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, коммуникативдик, лингвистикалык компетентүүлүктү өнүктүрүү.

Бирикмедеги мугалимдер дайыма өздөрүнүн билимдерин жогорулатып турушат жана өздөрүнүн билимдерин Кыргыз Билим берүү академиясынын курстарында, ”Лингва” борборунан, ”Англис тили мугалимдеринин асоцациясында” И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетиндеги “Oксфорд Пресс Университети” борборунун окуу китептерин алып окутуу менен мугалимдер үчүн өткөрүлгөн семинарларына катышуу менен өнүктүрүшөт.

 

Англис тили бирикмесиндеги жаш адистердин профессионалдуу денгээлин көтөрүү максатында да иш алып барышат жана алар жаш адистер үчүн уюштурулган шаардык семинарларга үзбөй катышышат. Жаш адистердин бекитилген устаттары бар, ал устаттар жаштарга педагогикалык ишмердигине жол көрсөтүп, методикалык жактан, жардам берип турушат.

Англис тили бирикмесинде 12 мугалим иштейт.

Усулдук бирикмесинин башчысы: Вахабова Надирахан Абдукахаровна

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика