СШ Средняя школа № 77 имени Хамзы

Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Шаркский а/а,с. Шарк, улица Парпиева, 11

Автор: СШ Средняя школа № 77 имени Хамзы 15 Сентябрь 2022 ж. 10:21

ИСУО боюнча жоопту адис

Колдашев Олимжон Адилович

Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын кызматкерлери

аткара турган отчеттордун жана маалыматтардын 

ТИПТҮҮ ТИЗМЕСИ.

Түшүнүк кат.

Кагаз иштеринин көптүгү, кереги жок отчетторду, кошумча документтерди 

толтуруу, алар көп убакытты алып, балдар менен иштөөгө, өзүн өнүктүрүүгө мугалимде 

убакыт калбай калып жаткандыгы тууралуу 

республиканын педагогикалык 

жамааттарынын көптөгөн кайрылууларынына жана каттарына байланыштуу Кыргыз 

Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде жумушчу топ түзүлдү.

Анын милдеттерине республиканын бардык аймактары менен байланышып, 

керектүү маалыматтарды топтоо, түшкөн кайрылууларды жана сунуштарды иликтеп-

үйрөнүү, аракеттеги ченемдик актыларды, мугалимдер иштеп жаткан окуу-усулдук ж.б. 

документтерди талдоо жана алар боюнча сунуштарды берүү кирди.

Жумушчу топтун ишинин негизинде Кыргыз Республикасынын билим берүү 

уюмдарынын кызматкерлери аткара турган отчеттордун жана маалыматтардын типтүү 

тизмесин өзүнө камтыган болжолдуу нускама иштелип чыкты. Анда буга чейин билим 

берүү уюмдарынын кызматкерлери жүргүзүп келген иштердин бир тобу кыскартылып 

жоюлду, бир тобу жөнөкөйлөтүлүп, типтүү формадагы электрондук форматка өткөрүлдү.

Бул нускама кеңири талкуудан кийин ишке киргизилет.

Нускамага ылайык, билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин ишмердиги айрым 

отчетторду, иш-чараларды кыскартуу, айрым формаларды толтурууну автоматташтыруу 

жана жөнөкөйлөтүү, ошондой эле билим берүү уюмдарынын айрым кызматкерлеринин 

милдеттүү иш-аракетин тактоо аркылуу мүмкүн болушунча жеңилдетилет.

Төмөнкүлөр жоюлат:

1. көчүрүү экзамендери, 9, 11-класстан башкалары

2. көчүрүү экзамендеринин негизинде мүнөздөмөлөрдү жазуу, 9, 11-класстан 

башкалары

3. мугалимдин портфолиосу (каалоочулар портфолиону толтура алышат)

4. өзүн-өзү өнүктүрүү папкасы (каалоочулар бул папканы толтура алышат)

5. аткарылган иштер боюнча фотоотчеттор милдеттүү эмес

6. КР Өкмөтүнүн №388 (19.06.2014) токтомуна ылайык, түздөн-түз кызматтык 

милдеттерине тиешелүү эмес болгон иш-чараларга мугалимдерди тартууга тыюу 

салынат, ошондуктан төмөнкүлөр мугалимдин милдеттерине кирбейт:

 микроучасток боюнча иш жүргүзүү

 аскер комиссариаты үчүн маалыматтарды, материалдарды даярдоо жана 

бланктарды толтуруу

 пландалбаган иш-чараларды, мааракелерди өткөрүү жана билим берүү

уюмдарынын кызматкерлеринин ишмердиги менен байланышпаган иш-

чараларга катышуу

Шайлоолорду билим берүү уюмдарынын имараттарында өткөрбөө сунушталат.

Иш-аракеттин жөнөкөйлөтүлгөн формалары жана билим берүү кызматкерлеринин

такталган ишмердиктери №1 таблицада берилди.

№1 таблица

Аталышы

Мезгил-

дүүлүгү

Түшүндүрмөлөр

1

2

3

4

Предметти окуткан мугалим

1.

Предмет боюнча

класстык журналды

жүргүзүү

Күн сайын

Журналдын электрондук варианты

(ЭВ) толтурулат, чейректин аягында

аны басып чыгарып, сактап коюу

керек (эскертүү: эгерде журналдын

электрондук вариантына өтө элек

болсо, анда кагаз варианты

толтурулат).

2.

Календардык-

тематикалык пландоо

(КТП)

Жылына 1

жолу

КТПнын үлгүлөрү (бирдиктүү

формасы) билим берүү маалымат

системасына (МС) жайгаштырылат.

Бул үчүн «Санарип мектеп»,

«Электрондук китепкана» билим

берүү платформалары, Кыргыз билим

берүү академиясынын (КББА) сайты

колдонулат.

3.

Сабактын план-

конспекти

Дайыма

3 жылдан ашык үзгүлтүксүз

иштегендерге сабактын план-

конспектин кыскарган структуралык

формада жазууга уруксат берилет, ал

эми жаш мугалимдер кеңири формада

жазышат. План-конспекти кол менен

жазылсын деген талап эч бир

ченемдик документте жок.

4.

Окуткан предмети

боюнча окуучулардын

билиминин сапаты жана

жетишүүсү тууралуу

отчет

чейректе

/жарым жылда

1 жолу

Бирдиктүү форма сунушталат

(тиркеме №1)

Эскертүү: бул формалар келечекте

автоматташтырылат жана «Санарип

мектеп» билим берүү платформасына

жайгаштырылат.

5.

Сабакта коопсуздук

техникаларын уюштуруу

боюнча документтер

(коопсуздук

техникалары боюнча

нускама берүү

Дайыма,

эмгекти

коргоо жана

коопсуздук

техникалары

талаптарына

Бирдиктүү форма сунушталат

(тиркеме №2)

 

 

 

 

 

 

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика