СШ Средняя школа № 77 имени Хамзы

Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Шаркский а/а,с. Шарк, улица Парпиева, 11

Автор: СШ Средняя школа № 77 имени Хамзы 15 Сентябрь 2022 ж. 9:18

Соц.педагог

Жалпы билим берүүчү уюмдагы социалдык педагог баланын жашоо-

тиричилигиндеги орчундуу маселелерди чечүүдө бала менен үй-бүлөнүн, 

мектептин, коомдук чөйрөнүн, социалдык кызматтардын, ведомстволордун, 

укук коргоочу жана администрациялык органдардын ортосунда арачы болот 

да, анын кызыкчылыктарын жактайт:

-балдардын жашоо-шартын иликтөө үчүн социалдык сурамжылоо, 

диагноздоочу изилдөө жүргүзүү;

-ата-энелер менен балдардын мамилелерин жакшыртууга 

көөктөшүү,бейжай үй-бүлөлөрдүн балдарынын баарлашуу көндүмдөрүн 

өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү;

-окуучулардын инсандык психологиялык-медициналык-педагогикалык 

өзгөчөлүктөрүн, жашоо чөйрөсүн жана шарттарын иликтөө;

-баланын жүрүм-турумуна байланышкан кыйынчылыктарды, 

чыр-чатактуу кырдаалдарды, жүрүм-турумдагы кемчиликтерди аныктоо 

максатында үй-бүлөнүү иликтөө;

-камкордукка жана тарбияга муктаж балдарга жардам берүү, алар менен 

жекече сүйлөшуп, аӊгемелешип иш алып баруу;

-ата-энелердин педагогикалык маданиятын жогорулатууга, алардын ата-

энелик милдеттерге аӊ сезимдүү мамиле жасашына көмөктөшөт, ошондой 

эле ата-энелери менен мамилеси начарлаган балдардын маселесин чечүүгө 

жардам берүү;

-балдарды коргоо жана социалдык колдоо, өмүрүн жана ден-соолугун 

сактоо боюнча чараларды көрүү;

-жалпы билим берүүчү мектептен тышкаркы уюмдарында иштеген ар 

кандай кружок жана секцияларга окуучуларды тартууну уюштурат, аталган 

кружок жана секциялардын жетекчилери менен байланышты колдоо;

-зарыл болгондо балдардын өздүк документтерин (туулгандыгы тууралуу 

күбөлүгүн) калыбына келтирүүгө жардам берүү;

-класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерге тартуу, балдар 

менен жаштар уюмдары, мекемелери, клубдары менен кызматташуу аркылуу 

балдардын бош убактысын уюштурууга көмөктөшүү;

-балдар иштери боюнча комиссиянын ишине катышуу;

-айлана-чөйрөнүн таасирин анализдей билүү, адамдар менен баарлаша

жана байланыш мамиле түзүү;

-сабакка келбеген, сабакты көп калтырган балдар жана алардын ата-

энелери менен аӊгемелешүү;

-окуучулардын психологиялык , медпедагогикалык өзгөчөлүктөрүн, 

жашоо чөйрөсүн иликтөө;

-жетим жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды 

(тарбиялануучуларды) жөлөк пул, пенсия менен камсыздоо боюнча көмөк 

көрсөтөт;

-ар бир класс жетекчилерден мүнөзү оор окуучулардын тизмесин алуу

жана алар мене ниш алып баруу;

-айыл өкмөттөрү жана айыл башчылар менен байланышуу.

Төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:

Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргызстандын

мамлекеттик символдорун, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү

жөнүндө», «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамдарын, КР «Балдар

жөнүндөгү» Кодексин, КР Эмгек Кодексин, баланын укутары жөнүндө

Конвенцияны жана башка социалдык-педагогикалык ишмердикти уюштуруу

боюнча ченемдик-укуктук актыларды : педагогиканын жана педагогикалык

психологиянын негиздерин: социологиянын негиздерин: баланын

физиологиясын жана гигиенасын: мамлекеттик институттарын, коомдук

уюмдардын окуучуларга жардам берүү жана тарбиялоо жаатындагы

милдеттерин, педагогикалык адептин ченемдерин.

Мектептин соц.педагогу: Гапирова Шохидахон Якубовна

Шохида Якубовна

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика