Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Шаркский а/а,с. Шарк, улица Парпиева, 11
Мектептин тарыхы.
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 40-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоо тартибин жана негизги жалпы жана/же жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашыруучу, аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө 2020-жылдын 29-октябрындагы №905/1 буйругунун негизинде, Ош облусунун Кара-Суу районундагы №77 Хамза атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин ишмердүүлүгүнүн ɵзүн-ɵзү баалоону өткөрүү жөнүндө иш мерчеминин негизинде, ɵзүн-ɵзү баалоо боюнча комиссия 20210-2022-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгында негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү программаларын аккредитациялоодон өткөрүү үчүн №77 Хамза атындагы орто мектебинин ишмердүүлүгүнө калыс баалоо жүргүздү.
Кара – Суу районуна караштуу №77 Хамза атындагы орто мектеби , Калинин колхоздун акими Мамасадик Халматов жетекчилигинде 1975 – жылдын 15 – августунда курулуп бүттү. Мектеп Кара – Суу райондук массалык маалымат комитетинин 06.08.1975 – жылы №352 токтомунун негизинде ачылган.
1975 – жылдын 20 – августунан баштап Юлдашев Насирилло мектепти жетектеди. Н. Юлдашевдин 5 жылдык жетекчилигинде педагогикалык жамаат менен бирге окуучуларга өз билимин берип тарбиялады.
Мектептин окуу, билим базасы байыды . Бардык предметтер боюнча каналар кооздолуп жабдылды, мектептин тегереги жашылдандырылып, 1000 түп роза гүлү жана түрдүү көчөттөр отургузулду . Мектеп ичинде спорт аянтчасы уюштурулуп , ага түрдүү спорт жабдыктары алып келинди.
1980- жылын мартынан 1 – марттан баштап мектепке Кадиров Батиржон Кадирович жетекчи болуп дайындалды . Б.Кадиров мектептин өнүгүүсүнө чоң салымын кошту . 1999 – жылга чейин жетекчилик кылып , өргүүгө чыкты .
1999 – жылдан 2007 – жылга чейин Алимова Шукурхон мектепти жетектеди . Мектеп тамын жаңыдан жаап, стадионго дубал тургузуп, көптөгөн ийгиликтерди алып келди .
2007 – жылдан баштап Сулайманов Мансурбек мектепти жетектеп , мектеп айланасын жаңыча темир тосмолор менен тосту .
2018 – жылдын 20 – сентябрынан баштап, Инаметдинов Насриддин Юлдашевич мектепти жетектеп келүүдө . Мектепте 2018-2021-жылдын ичинде өтө чоң иштер аткарылды. Мектеп ашканасында заманбап санитардык -гигиеналык талаптарга жооп берүүчү ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Актовый зал, спорт залы кайрадан реконструкция кылынды.
Мектептин уставы 2021 жылдын 28- октябрында кабыл алынган.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика