Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Котормоский а/а,с. Кескен-Таш, улица Салибаев Абдырахман, 23
Бүгүн, 1-сентябрда Баткен облусунун Кадажмай районундагы №37 Молдо Нияз атындагы мектеп-гимназиясында «Билим күнү» майрамы белгиленди.
Мектеп директору Асилбек Саттаров окуучуларды жана мугалимдерди бүгүнкү майрамы менен куттуктап, каалоо-тилектерин айтып, мектептин ийгиликтери менен бөлүштү.
Салтанаттуу жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Эшатов Марат Имарович, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнөн Көтөрмө айыл аймагынын участка башчысы, милициянын майору Халмурзаев Үмүт Акпаралиевич жана ата-энелердин катышуусунда өткөрүлдү
Мектепке 1-класстарга 99 окуучу, даярдоо класстарына 70 окуучу кабыл алынды.
Окуучулар үчүн жаңы окуу жылдын алгачкы тарбиялык сааты 1-4-класстарга «Мен –Кыргызстандын жаранымын!», 5-6-класстарда «Элдердин биримдиги-маданий көп түрдүүлүктө”, 7-9-класстарда “Эл биримдиги көп түрдүүлүктө”, 10-11-класстарада “Кыргыз жараны-жалпы жарандык иденттүүлүк” атуу темаларда биринчи тарбиялык сабактар өтүлдү.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика