ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района

Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35

Автор: ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района 27 Апрель 2023 ж. 9:57

Кыргыз Республикасына Эмгек синирген мугалим Абдикеримов Доорон Абдикеримович - биз сыймыктанган устаттарыбыздын катарында

  Абдикеримов Доорон Абдикеримович  (1938-2023)

Кыргыз Республикасына Эмгек синирген мугалим - Абдикеримов Доорон Абдикеримович 1938-жылы Лейлек районунун Голбо кыштагында туулган. 1945-1955-жылдарда алгач Чапаев атындагы башталгыч мектебинде, анда кийин райондун борборундагы Токтогул орто мектебинде окуп, орто билимге ээ болгон.

         Эмгек жолун 1955-жылы Токтогул орто мектебинин пионерлер жетекчиси болуп иштөө менен баштаган. 1956-1958-жылдарда ал Лейлек Райисполкомунун жалпы бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.

         1958-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун чет тилдер факультетине кирип, 1963-жылы аны бүтүрүү менен англис тили мугалими кесибине ээ болуп, бул кызматта 1965-жылдын октябрь айына чейин Токтогул орто мектебинде иштеген.

         Ошол  жылы ал Кыргызстан Коммунисттик жаштар Союзунун Лейлек райондук комитетинин биринчи секретары болуп дайындалып, бул кызматта 1969-жылдын сентябрына чейин иштеген.

         1969-1970-жылдары Ташкент шаарындагы жогорку партиялык окуу жайында окуп, аны артыкчылык диплому менен бүтүрөт.

         Жогорку партиялык мектепти бүткөндөн кийин 1971-1975-жылдарда Лейлек райондук партия комитетинин пропоганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы, областтык партия кимитетинин лекторлор группасынын жетекчиси болуп иштейт.

         1975-1980-жылдарда Коммунисттик партиянын  Лейлек райкомунун экинчи секретары болуп, райондун айыл чарбасын, өнөр жайын жана курулушту тейлеген. Мына ошол жылдарда Өзгөрүш, Айбике, Даширабад, каналдары, Ак-Суу дамбасы, 100 дөн ашык скважиналар, Кайракум канал насостук станциясы курулуп, Абдивешер, Кулунду каналдары кеңейтилип, 3000 гектардан ашык жер аянттары суу менен камсыз болгон. “Жаңы -Жер”, “Кыргызстандын 60 жылдыгы”  жүзүмчүлүк чарбалары, Ак-Суу, Өзгөрүш, Кара-Булак  совхоздору, Ай-Көл МЖСи, живпром түзүлүп, Лейлек токой чарбасы бир топ кеңейтилди. Исфана-Кулунду-Маргун, Исфана-Пролетарск, Исфана-Ак-Суу, Исфана-Андарак, Исфана-Катраң-Кара-Суу жолдору кеңейтилип асфальт төшөлдү. Райондук партия  комитетинин,  райисполкомдун имараттары, райондук оорукананын  имараты, жыйырмадан ашык жаңы типтеги мектептер, 9 ФАП, 500дөн ашык  короо сарайлар, 16 тоют даярдоочу цехтер жана башка бир катар маданий социалдык  тейлөө пункттары курулду.

         Мына ушулардын натыйжасында, Лейлек районунун өнөр жайы, айыл чарбасы, калктын жашоо деңгээли бир топ өстү. Областта, республикада эн артта калган район алдыңкы райондордун катарына кошулуп, областтык, республикалык Ардак доскаларына жазылып, социалисттик мелдештин жеңүүчүсү катары районго бир нече жолу областтык, республикалык өтмө Кызыл Туулар тапшырылды. Ал эми 1977-жылы Союзга таанылып, КПСС Борбордук Комитетинин, СССР Министрлер Советинин, ВЦСПСтин, ВЛКСМ Борбордук  Комитетинин Кызыл Туусун райондун тарыхында биринчи жана эң акыркы жолу жеңип алды.

         Ал 1952-жылдан 1975-жылга чейин Лениндик Коммунисттик жаштар союзунун, 1957-жылдан азыркы мезгилге чейин Советтер Союзунун Коммунисттик Партиясынын мүчөсү, 1955-1975-жылдары Лейлек райкомунун мүчөсү, 1965-1980-жылдары анын бюро мүчөсү, Эмгекчилер депутаттарынын Лейлек райондук Советинин депутаты болгон.

         Бүткүл союздук коммунисттик  жаштар союзунун жана Советтер Союзунун Коммунисттик  партиясынын Лейлек райондук, Ош областтык республикалык  конференцияларына, съезддерине бир нече жолу  делегат болуп шайланып, алардын ишине активдүү катышкан.

         Анын чарбачылык, коомдук, тарбиялык жумуштардагы көп жылдык эмгеги Кыргыз Өкмөтү тарабынан  жогору бааланып, ал 1968-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Грамотасы, 1970-жылы Эмгектеги каармандыгы үчүн медалы менен сыйланып, 2000-жылы ага “Кыргыз Республикасына Эмгек сиңирген мугалим” деген  ардактуу наам берилген.

2001-жылы Абдикеримов Дооран агайга персоналдык пенсия ыйгарылды.

         2005-жылы жолдош Д.Абдикеримов “Данк” медалы менен  сыйланды. Пенсияда экендигине карабастан, №1 гимназия мектебинде көп жылдар  англис тили мугалими болуп иштөө менен Баткен областынын, райондук саясий, тарбиялык жумуштарына активдүү катышып келген. Лейлек райондук, Баткен областтык курултайларынын делегаты, эмгек жана согуш ветерандарынын райондук комитетинин  секретары, Исфана шаарынын  Жаңы-Абад кыштагынын төрагасы Абдикеримов Дооран агай окуткан окуучулар көп жылдан бери райондук, областтык, республикалык олимпиадалардын катышуучулары жана жеңүүчүлөрүнөн болушкан.

         Кыргыз Республикасына Эмгек синирген мугалим Абдикеримов Доорон Абдикеримовичтей инсандан билим, тарбия алганыбызга сыймыктанабыз.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика