Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35
2023-жылдын 26-апрелинде №1 гимназия-жатак интернатында тарых жумалыгынын алкагында кезектеги эрте мененки сап тизим өтүлдү. Сап тизимде 9-класстын окуучулары Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхы, бул согуштагы кыргыз жоокерлеринин эрдиктери, 1942-жылы Дон дарыясынан кечип өтүп, душмандын дзотуна өз денесин тосуп, өлбөс-өчпөс эрдик көрсөткөн Чолпонбай Түлөбердиев, Кыргызстандан барган 316-аткычтар двизиясы, 1941-жылдан баштап И.В.Панфиловдун наамын алган 28 баатырдын Москваны коргоодогу эрдиктерин, Дүйшөнкул Шопоковдун, Иван Добробабиндин ж.б. жоокерлердин эрдиктери менен тааныштырды. Андан кийин кыргыздын ажосу, каганы Барсбек жөнүндө маалымат айтылды.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика