ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района

Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35

Автор: ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района 18 Апрель 2023 ж. 19:14

География мугалими Рустамова Курсанай Куттуевна - биздин сыймыгыбыз

Рустамова Курсанай Куттуевна 2010-жылдан бери № 1 гимназия-жатак интернатында география мугалими болуп иштеп келе жатат. Окуучуларга география предметин үйрөтүү менен катар предметтик олимпиадаларга окуучуларды даярдап, ийгиликтерди жаратууда. Окуткан окуучулары облустук олимпиадаларга активдүү катышып келүүдө. 2022-2023-окуу жылында 2 окуучусу райондук турда 1-орунду, 2-орунду ээлешип, облустук турга катышып келишти. Алар - 9-классынын окуучусу Джалалова Мырзайым жана 11-классынын окуучусу Алимкул кызы Назик.

2017-жылдан бери Республикалык балдар жана өспүрүмдөрдүн экология, край таануу жана туризм борбору менен биргеликте иш алып барып, даярдаган окуучулары ар түрдүү конкурстарына активдүү катышып, байгелүү орундарды ээлешүүдө. 

10-класска жетекчилик ишинде да ийгиликтер көп. Окуучулары мектептик, райондук иш-чараларга, сынактарга катышышып, байгелүү орундарды камсыздап келе жатышат.

2023-жылдын 18-апрелинде Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеемуратов Улукбек Имматович жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевич тарабынан уюштурулган окуучулары предметтик олимпиадада ийгилик жараткан мугалимдерди сыйлоо аземине катышып, ыраазычылык кат жана баалуу сыйлыкка татыган мыкты педагог, мыкты тарбиячы Рустамова Курсанай Куттуевна - биз сыймыктанган мугалимдердин катарында.  

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика