Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35
Биз сыймыктанган мыкты педагогдорубуздун бири Бурханова Таалайкан Мустафаевна №1 гимназия-жатак интернатында 2000-жылдан баштап орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенүүдө. Ошону менен бирге мектептин окуу бөлүмүн, тарбия бөлүмүн жетектеп келген жана бүгүнкү күнү соцпедагог кызматын аткарууда. Таалайкан Мустафаевнанын өзүнүн эмгек жолунда келечек муундарга таалим-тарбия, орус тили боюнча билим берүүдө эмгеги зор. Окуучуларды предметтик олимпиадага даярдоодо да чоң салымы бар. Быйылкы 2022-2023-окуу жылында 10-классынын окуучусу Раимкулова Жазгуль жыл сайын республикалык окуучулардын арасында өтүлүүчү предметтик олимпиаданын III этабына катышып, 4-орунду ээледи.
Эжейибиз Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин алдындагы А.Орусбаев атындагы Орус тили жана адабияты институту менен кызматташып, аталган институттун окуучулар үчүн өткөрүлгөн сынактарына окуучуларды даярдап, жыл сайын байгелүү орундарга ээ болуп келүүдө.
Гимназиябыздын окуудан, спорт, сынактардан ийгилик жараткан окуучулары үчүн “Билим нуру” стипендиясын уюштуруп, жыл сайын 20 окуучуга жана 2 мугалим, кызматкерге 1000 сомдон стипендия берип келүүдө. “Билим нуру” стипендиясын Таалайкан Мустафаевнанын уулу Актилек Жамилов каржылайт.
Ошондой эле Таалайкан Мустафаевна соцпедагог катары №1 гимназия-жатак интернатында ар жыл сайын кайрымдуулук акциясын жүргүзүп, социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүп иш алып барат. Турмуш шартында көйгөйлөрү бар балдар менен тыгыз байланышта иштейт. Биздин жамаат Таалайкан Мустафаевна сыяктуу тажрыйбалуу, билимдүү, адамгерчиликтүү инсан менен бирге иштегенибизге сыймыктанабыз.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика