ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района

Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35

Автор: ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района 15 Апрель 2023 ж. 17:36

Жазгүл Абдинабиева - "Кыргызстандын эң мыкты 100 окуучусу - 2023" сынагынын жеңүүчүсү

Абдинабиева Жазгул Сагыналиевна 2018-2019- жылында N°1 гимназия-жатак интернатынын 5а - классына кабыл алынган. Ошондон тарта окуунун мыктысы катары ийгиликтерди жаратып келүүдө. Жазгүл физика, химия, алгебра, кыргыз адабияты сабактарын кызыгып окуйт. Уюштуруучулук жөндөмү күчтүү, лидер окуучулардын катарында. Классташтарынын ортосунда кадыр-баркка ээ. Түрдүү уюмдар менен иштешип , мектептик, шаардык, райондук деңгээлдеги иш-чаралардын, сынактардын активдүү катышуучусу. Ыктыярчылык кыймылдарга катышып келет. Атап өтсөк, 2022-2023-окуу жылында "Дебатчы кыймылы" уюмунун элчиси болуп дайындалды. Ошону менен катар "Кыргызстандын 100 эң мыкты окуучусу - 2023" сынагынын жеңүүчүсү, "Тынчтык демилгелери" коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган облустук дебаттын финалга чейинки жеңүүчүсү, "Жаш-Тирек" долбоорунун катышуучусу, физика сабагы боюнча предметтик олимпиаданын катышуучусу, ошондой эле мектеп турмушундагы иш-чара, сынактарга катышып, бир канча грамота, сертификаттардын ээси болууга жетишти. Физика сабагынан олимпиадалык топко катышууда. Мектеп медиа бурчунун уюштуруучусу жана редактору, №1 гимназия-жатак интернатынын окуучуларынын өзүн- өзү башкаруу уюмунун, башкача айтканда, Баластан республикасынын социалдык иштер министри болуп иштөөдө. №1 гимназия-жатак интернатынын 9а-классынын окуучусу, "Кыргызстандын 100 эң мыкты окуучусу -2023" сынагынын жеңүүчүсү Жазгүл Абдинабиева менен сыймыктанабыз жана келечекте Жазгүлдүн эл-жердин керегине жараган эң мыкты инсан болуп чыгышына ишенебиз!

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика