Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35
Нажимиддинова Асема Эрмековна 2019-2020-окуу жылында №1 гимназия-жатак интернатынын 5а-классына кабыл алынган. Ошондон тарта окуунун мыктысы катары ийгиликтерди жаратып, өзүнүн мыктылыгын көрсөтүп келүүдө. Асема география, химия, биология, адабият сабактарын кызыгып окуйт. Мүнөзү өтө шайыр жана боорукер. Лидерлик сапатка ээ. Уюштуруучулук жөндөмү күчтүү. Классташтарынын ортосунда кадыр-баркка ээ. Мектептик, райондук, республикалык деңгээлдеги иш-чаралардын активдүү катышуучусу. Көптөгөн конкурстарга мыкты катышып, диплом, грамота, сертификаттар менен сыйланып келүүдө. №1 гимназия-жатак интернатынын окуучуларынын өзүн-өзү башкаруу уюмунун, башкача айтканда, Баластан республикасынын экология министри болуп иштеп келүүдө. Азыркы учурда №1 гимназия-жатак интернатынын 8а-классынын окуучусу, "Кыргызстандын 100 эң мыкты окуучусу-2023" сынагынын жеңүүчүсү Нажмиддинова Асема Эрмековна менен сыймыктанабыз жана келечекте Асема эл-жердин керегине жараган эң мыкты инсан болуп чыгышына ишенебиз!
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика