Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35
Насириддинов Билал Муратбекович 2020-2021- окуу жылында N°1 гимназия-жатак интернатынын 5а - классына кабыл алынган. Ошондон тарта окуунун мыктысы катары ийгиликтерди жаратып келүүдө. Билал геометрия, алгебра, кыргыз тили, информатика сабактарын кызыгып окуйт. Уюштуруучулук жөндөмү күчтүү, лидер окуучулардын катарында. Классташтарынын арасында кадыр-баркка ээ. Түрдүү мектептик, райондук деңгээлдеги иш-чаралардын, сынактардын активдүү катышуучусу. Ошону менен катар "Кыргызстандын 100 эң мыкты окуучусу - 2023" сынагынын жеңүүчүсү. Билал алгебра сабагы боюнча предметтик олимпиаданын катышуучусу, ошондой эле мектеп турмушундагы иш-чара, сынактарга катышып, бир канча грамоталардын ээси. Сүрөт тартууга, китеп окууга өтө кызыгат. Математика боюнча олимпиадалык топтун катышуучусу. "Кыргызстандын 100 эң мыкты окуучусу -2023" сынагынын жеңүүчүсү Насириддинов Билал келечекте мыкты программист болууну каалайт. Биз Билал менен сыймыктанабыз жана келечекте эл-жердин керегине жараган эң мыкты инсан болуп чыгышына ишенебиз!
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика