ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района

Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35

Автор: ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района 11 Апрель 2023 ж. 19:09

Туратова Таалайхан Сапаровна - "Санарип мугалим - Дубай 2023" сынагынын жеңүүчүсү"

    Туратова Таалайхан Сапаровна  Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык университетине 1997-жылы тапшырып, 2001-жылы аяктаган. 2003-жылдын баштап Исфана шаарындагы №1 гимназия-жатак интернатында кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келе жатат. Окуучуларды сүйүп, изденүүчүлүк менен иш алып барууда көптөгөн ийгиликтерди жарата алды. ”Ийгилик-изденүүдөн жаралат” деген сыңары, 2011-2012-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөгө даярдап, жалпы бүтүрүүчүлөрдүн орток упайы 160 упайды түзсө, ал эми Сагынбек кызы Рахат 214 упайга ээ болуп, Лейлек  району боюнча 1-орунду ээлеген. 2017-2018-окуу жылында Акулова Элиза 207 упайга, Атакулов Бекжан 204 упайга ээ болушкан. Баткен облустук усулдук борбору тарабынан уюштурулган “Кесипкөй мугалим” сынагынын облустук туруна катышты. “Аян” окуу борборунун “Чыгармачыл мугалим-2022” сынагына да катышып ийгиликтерди жарата алды.

    2022-2023-окуу жылында “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы тарабынан уюштурулган “Мыкты класс жетекчи-2023” сынагынын активдүү катышуучусу болуп, “Мугалим ” деген төш белгиге ээ болду (2023-жыл 23-март).

         Ушул эле жылы республикалык “Санарип мугалим -Дубай 2023” окуу сынагына катышып, эки турду ийгиликтүү багындырып, 18 упай менен 2-орунду ээлеп, Анталья шаарына жолдомо утуп алды. 

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика