ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района

Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35

Автор: ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района 10 Апрель 2023 ж. 21:20

ЮНИСЕФ уюмунун "Чексиз билим" долбоору № 1 гимназия-жатак интернатында

ЮНИСЕФ уюмунун "Чексиз билим" долбооруна кирген Лейлек районундагы бир нече мектептин катарында №1 гимназия-жатак интернаты да бар. 2022-2023-окуу жылында биздин мектеп бул долбоор менен иш жүргүзүүдө. "Мектеп чөйрөсүндөгү гигиена, санитария жана сергек жашоонун негизги аспектилери" боюнча окуучуларга сабактар өтүлду. Негизинен окуучуларга "Ооз көңдөйүнүн гигиенасы", "Туура тамактануунун гигиенасы", " Айыздык гигиена мектепте жана үйдө", "Тамекинин зыяндуулугу" ж.б. темалар боюнча класстарга сабактар өтүлдү.  Максаты окуучуларга түрдүү жугуштуу оорулардын алдын алууну жеткирүү болуп саналат. ЮНИСЕФ менен чогуу иш жүргүзүлүп, 2023-жылдын март айында биздин мектепке 2 даана кол кургатуучу аппарат, 2 даана тепловизор, санитардык-гигиеналык  каражаттар (антисептик, суюк самындар) аталган уюм тарабынан каржыланып алынып келинди. ЮНИСЕФ уюмунун "Чексиз билим" долбоору менен иштешүүгө жоопкер мугалим -  №1 гимназия-жатак интернатынын биология мугалими Г.П.Эрматова.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика