ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района

Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35

Автор: ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района 10 Апрель 2023 ж. 15:22

Эрназарова Бурмакан Сатыбалдыевна - "Санарип мугалим - Дубай 2023" сынагынын жеңүүчүсү

№1 гимназия-жатак интернатынын математика мугалими Эрназарова Бурмакан Сатыбалдыевна - "Санарип мугалим -Дубай 2023" сынагынын жеңүүчүсү. Эрназарова Бурмакан Сатыбалдыевна 2009-жылы Бишкек шаарындагы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин математика, информатика жана кибернетика факультетине тапшырып, аны 2014-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылдан баштап Лейлек районундагы №1 гимназия-жатак интернатында математика мугалими болуп эмгектенип келе жатат. Чыгармачылык менен иштеп жаткан жаш мугалим көп ийгиликтерди жаратып келет. 2019-2020-окуу жылында окуучусу Абдыразаков Бекболсун 6-класстар арасында жыл сайын өткөрүлүүчү АКМО олимпиадасында Лейлек районунда 2-орунга ээ болсо, 2020-2021-окуу жылында Акимбаева Дамира Баткен облусу боюнча 4-орунга ээ болгон. Жыл сайын окуткан окуучулары АКМО олимпиадасынын облустук туруна катышып келет. 

Өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча да тынымсыз иштеп, Бурмакан Сатыбалдыевна көптөгөн сынактарга катышууда. Алсак, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети тарабынан мугалимдердин билимдерин жогорулатуу максатында өткөрүлгөн “Онлайн тест-2023” кароо сынагында 3-орунга ээ болду. Республикалык “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы тарабынан өткөрүлгөн “Мыкты класс жетекчи-2023” сынагында да ийгиликтерди жаратып, грамоталарга, сыйлыктарга ээ болду. “Санарип мугалим - Дубай 2023" сынагына катышып, республика боюнча 4-орунга ээ болуп, Алматы шаарына жолдомону жеңип алды.

Мындан ары да изденүүнүн үстүндө болуп, окуучуларга татыктуу билим берүү менен иштей бермекчи.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика