Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Толойконский а/а,с. Телейкен (Часть), улица Сайдиева Н., 100
№99 Нурлан Сайдиев атындагы орто мектебинде 2022-2023 окуу жылынын 29-март күнү "Ата-энелер мектеби" сабагы болуп өттү.Сабакты көркөм өнөр жана технология сабагынын мугалими Пазылова Бусарахан эжеке өтүп берди.
Сабактын темасы: Бала тарбиялоонун жаңы ыкмалары.
Сабактын максаты: Үй-бүлөдө балдарды тарбиялоонун баалуулугу жана методдору жөнүндө маалымат алышты.Балдарды тарбиялоо баалуулуктарына таянуу аркылуу тарбия жүргүзүүнүн маанисин үйрөнүштү.
Энелерди балдарды тарбиялап өстүрүүдөгү кызыгуусун , жоопкерчилигин ойготуу болду.Сабактагы маалыматтарды Бусара эжек Гапыр Мадаминовдун китебинен алгандыгын жана ал китепти бардык ата-энелер окуу керектигин айтты.
Сабакка жалпы 15 ата-эне жана мугалимдер катышты.Ата-энелер сабакта кызыгуу менен жазып отурушту жана сабак аягында Бусара эжекеге ыраазычылык билдиришти
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика