Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35
№1 гимназия-жатак интернатынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Аширбаева Арзыгүл Сулайманкуловна №1 гимназия-жатак интернатында "Манас таануу" ийриминин жетекчиси жана "Манас" айтуу боюнча көп жылдардан бери бул жаатта алгылыктуу иш жүргүзүп келүүдө. Окуучуларыбыз 2014-жылдан бери “Манас таануу” интеллектуалдык телесынагына катышып, көптөгөн ийгиликтерди жаратышууда.
Мындан сырткары Манас айтуу боюнча да окуучуларыбыз ар түрдүү сынактарга катышып, ийгилик жаратып келе жатат. Абдиманнаева Айдана райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги сынактарга катышып, бир топ ийгиликтерди жаратты.Улуу манасчы С.Орозбаковдун 150 жылдыгына карата өткөрүлгөн “Жаш манасчы”кароо сынагында Лейлек райондук маданият үйүнүн Ардак грамотасына ээ болду. “4-декабрь-Манас күнүнө” карата өткөрүлгөн Манас айтуу сынагында Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасына ээ болду. Оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону сактоого жана жайылтууга арналган “Салтуу музыка Жумалыгы”жана “Достук”фестивалын өткөрүүдө жигердүү артыкчылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри К.Иманалиевдин “Алкыш барагы” менен сыйланды. 2023-жылдын 31-январында Лейлек райондук билим берүү бөлүмү жана Кыргыз улуттук “Манас” театры уюштурган кыргыз тилинде, башка тилдерде Манас айтуу сынагы болду. Бул сынакка катышкан окуучуларыбыз 7-классынын окуучусу Гулбаева Каныкей кыргыз тилинде, 7-классынын окуучусу Хабибуллаева Сабина англис тилинде, 10-классынын окуучусу Жусупов Сыймык орус тилинде, 10-классынын окуучусу Ахунов Шайырбек түрк тилинде Манас айтып, көпчүлүктүн купулуна толуп, Кыргыз улуттук “Манас”театрынын Дипломуна ээ болду. Ушул жылдар аралыгында мектебибиздин окуучулары улуу манасчыларыбыз С.Орозбаковдун жана С.Каралаевдин вариантындагы “Манас”, ”Семетей”, ”Сейтек” үчилтигин окуп, көрөңгөсүн өстүрүп, дүйнө таанымы өзгөрдү. Элибиздин карт тарыхын, үрп-адатын, каада-салтын, санжырасын, акыл казынасын, баатырдыгын, мекенге болгон сүйүүсүн, ата-эне, улуу-кичүүгө болгон мамилесин, сый-урматын, улуттук нарктуулуктардын баарын жан дүйнөсүнө азык кылып алды. Ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган элдик баалуулуктарды сактоого, окуп-үйрөнгөндөрүн жан дили менен калың калкка жайылтууга аракет жасап келе жатат. “Манас” эпосун жалпы журтка жайылтууда, келечек муунга жеткирүүдө кошкон салымы үчүн 2023-жылдын 31-январында Кыргыз улуттук “Манас”театрынын Ыраазычылык катына №1 гимназия-жатак интернатынын окуу бөлүм башчысы, кыргыз тили жана адабияты мугалими Аширбаева Арзыгүл Сулайманкуловна ээ болду. Элибиздин эртеңкиси болгон окуучуларга дагы да билимин берүүдөн талыкпай эмгектенип келе жаткан Арзыгүл Сулайманкуловнадай мугалимдерибиз менен сыймыктанабыз.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика