ШГ Учреждение: школа-гимназия №37 имени Молдо Нияза

Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Котормоский а/а,с. Кескен-Таш, улица Салибаев Абдырахман, 23

Автор: ШГ Учреждение: школа-гимназия №37 имени Молдо Нияза 18 Март 2023 ж. 12:53

"Кылмыштуулукка жана зордук зомбулукка каршыбыз!" деген темада ата-энелер менен чогулуш өткөрүлдү

Мектепте Көтөрмө айыл аймагынын мектептеринин өкүлдөрү жана балдарынын тарбиясына кызыкдаар ата- энелер менен бирге "Кылмыштуулукка жана зордук зомбулукка каршыбыз!" деген темада жалпы ата-энелер конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга Кадамжай райондук администрациясынан акимдин орун басары Асанова Мейликан Мийзамовна, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Муратова Гүлшан Тургуновна, Кадамжай райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй- бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Адамова Шарипа Камаловна, Кадамжай райондук прокурорунун жардамчысы Сагыналиев Самат, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнөн, жаштар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Жалалов Бактыяр Гуламович катышты.Чогулуштун максаты: "Өспүрүм жаштардын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу".  Кылмыштуулук менен күрөшүү, кылмыштуулукка алып келүүчү түрткүлөрдү жоюуга,азайтууга багытталган мүнөздөгү жыйын болду.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика