ШГ Учреждение: школа-гимназия №37 имени Молдо Нияза

Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Котормоский а/а,с. Кескен-Таш, улица Салибаев Абдырахман, 23

Автор: ШГ Учреждение: школа-гимназия №37 имени Молдо Нияза 24 Февраль 2023 ж. 22:41

Салмакты өлчөө. Килограмм

Башталгыч класс мугалими Кандыбаева Нургул математика предметинен  2-а-класска  “Салмакты өлчөө. Килограмм” деген темада ачык сабак өттү. Сабак балдар үчүн аябай кызыктуу болду. Анткени салмакты өлчөөчү бардык таразанын түрлөрүн көрсөтүп, салмакты өлчөө, аны турмушта колдонуу жактары менен бөлүштү.
            Бул мугалим окуучулардын  математикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча сабагын  өткөрүүдө жакшы/мыкты натыйжа көрсөттү. Алар сабакта коюлган окуп-үйрөнүү максаттарына жетүүгө жардам берген окутуу ишмердүүлүгүнүн ар кандай түрлөрүн, «Түшүдүрүү жана негиздөө», «Моделдердин көптүгү”, “ Көндүмдөрдү өнүктүрүүдөгү прогресс» стратегияларын натыйжалуу колдонду. Бул мугалим окуучуларга тапшырмаларды, маселелерди өз алдынча аткарууга, андан кийин өз чыгарылыштарын түшүндүрүп, негиздеп берүүсүнө мүмкүнчүлүк түздү. 
Мугалим сабактын жыйынтыгын окуучулар менен биргеликте чыгарып, окуучуларга сабакта алган билимдери/көндүмдөрү менен бөлүшүүгө/суроолорго жооп берүүгө, ошону менен өз тажрыйбасын тереңирээк түшүнүүгө жана сабакты жыйынтыктоого мүмкүндүк  берди.  Бул окуучуларга алынган билимди/жөндөмдү тереңирээк түшүнүү менен чектелбестен, сабактын максаттарына жеткен-жетпегендигин да баалоого мүмкүндүк берди.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика